Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Эки журналист пара талап кылууга шек саналып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) эки журналист кесиптик ишмердигинен пайдаланып, жарандардан пара талап кылып келгени аныкталып, кармалганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы 10-июлда тараткан маалыматта айтылгандай, журналисттер Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кайгуул күзөт башкармалыгы менен чогуу жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга каршы рейдге чогуу чыгып, рейд учурунда тартылган видеоматериалдарды кийин айдоочуларды шантаж кылуу жана опузалап акча талап кылуу үчүн колдонуп келишкен. Жарандар аргасыз алар талап кылган сумманы берүүгө мажбур болушканы жазылган.

Тергөө иштеринин алкагында журналисттер Ж.Н.А. жана И.T.M. шантаж жана коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерден анын катышуусундагы видеоматериалды жок кылуу үчүн акча талап кылышканы аныкталган. Ошол эле учурда, алар өздөрүнүн аракеттерин мыйзамдуу көрсөтүү үчүн, алардын алдында карызы бар экендиги жөнүндө тилкат жазууга мажбурлашып, автоунаасын мыйзамсыз ээлеп алышкан", - деп жазылган маалыматта.

9-июль күнү аталган адамдар 2000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүп жатат.

Атайын кызмат жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн пайдалануу аркылуу акча каражатын опузалоо менен мыйзам бузууга жол берилбестигин эскертип, мындай фактылардан жабыркаган жарандарды УКМКга кайрылууга чакырган.

Кармалган журналисттердин адвокаттары жана жакындары менен байланышып, комментарий алууга мүмкүн болгон жок. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG