Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Караколдо жол кире беш сомго кымбаттайт


Каракол шаары.
Каракол шаары.

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында коомдук транспорттун баасы 5 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Каракол шаардык мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, 13-июлдан тарта коомдук транспортто жүрүү акысы 20 сом болот. Жол кирени көтөрүүгө күйүүчү майдын баасы көтөрүлгөнү негиз берген.

"Караколдогу коомдук транспорт айдоочулары быйыл март айынан баштап эле бизге кайрылып, жол киренин баасын көтөрүп берүү сунушун карап көрүүнү суранып келе жаткан. Алар күйүүчү майдын кымбаттыгынан улам, тапканы өзүн актабай жатканын айтышты. Буга байланыштуу мэрия маселени ар тараптан карап көрүп жол акыны 5 сомго көтөрүүнү токтом кылды", - деп билдирди мэрия.

Жол акы пенсионерлерге жана мектеп окуучуларына 10 сом боюнча калат. Калган жүргүнчүлөр 20 сомдон төлөшөт.

Жол киренин кымбатташына нааразы болгондор бар. Алар Каракол шаары үчүн 20 сом кымбат экенин, шаарда айлык акы аз болгондуктан бул бааны алар көтөрө алышпай туранын айтышууда.(AsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG