Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Лаззат Нургожоеванын жигити 3-августка чейин камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков 3-августка чейин тергөө абагына камакка алынды. Мындай токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 6-июлда кабыл алганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аны тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу өтүнүчүн судьяга Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген. Афтандил Сабырбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлуп жатканы белгилүү болду.

Ал баңгизат ишине байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматтар 9-июлда тараган.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул сөздөрдү 10-июлда ырастап, “Афтандил Сабырбеков мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табууну аракет кылган” деп билдирди.

24-июндун кечинде Лаззат Нургожоева жигити Афтандил Сабырбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ижарага алынган тик учагы менен келип колун сураганын жана автоунаа менен гүл алып келгени тартылган виделорду социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Коомчулукта бул ашыкча чыгым экени айтылып, сынга кабылган.

Президент Садыр Жапаров карындашы Лаззат Нургожоеванын социалдык тармактарда тараган видеосу тууралуу 26-июнда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берип, бул окуяга байланыштуу элден кечирим сураган. Садыр Жапаров буга чейин ашыкча чыгым кылган аткаминерлер бар экенин сындап, аларды ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырган.

Лаззат Нургожоева президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы. Ал 2020-жылы Кыргызстанда сулуулар сынагын жеңип алган.

Афтандил Сабырбековдун жакындары менен адвокаттары акыркы окуялар боюнча комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG