Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:37

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6,3 млрд доллардан ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылдын 31-майына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 6 млрд 374,58 млн долларга жетти. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, мунун ичинен 4 млрд 540,84 млн доллар тышкы карыз, ал эми 1 млрд 806,74 млн доллар ички карыз.

Маалыматка караганда, мамлекеттик карыз ички карыздын эсебинен 77 млн долларга көбөйгөн.

Ички карыздын басымдуу бөлүгүн баалуу кагаздардын карызы - 1 млрд 790 млн доллар түзөт.

Тышкы карыздын негизги бөлүгү - Кытайдын Экспорт-импорт банкына берилүүчү 1 млрд 661,21 млн доллар.

2024-жылдын январынын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 270,50 млн доллар болчу.

2024-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 13 млрд 167,0 млн сом жумшалса, анын ичинен 8,6 млрд сом тышкы карыз, 4,5 млрд сом ички карыз үчүн төлөнгөн.

2023-жылы мамлекеттик карызды төлөө үчүн бюджеттен жалпы 53 млрд сом бөлүнгөн. Анын 31,5 млрд сому тышкы карызды, 21,5 млрд сом ички карызды тейлөөгө жумшалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG