Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Президент селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Баткен, Ош облустарында селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин сайтына жазылды.

“Баткен, Ош облусундагы табият кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, сабыр тилейм. Селдин кесепетинен чырактай өмүрлөр кыйылганы туурасында кабарды кабыргабыз кайышып кабыл алдык. Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, эс алууга чыгып, айттырбай келген кырсыктан улам тоодо камалып калган миңден ашуун жарандарыбыз куткарылды”, - деди президент.

Жапаров тийиштүү министрлик, жергиликтүү бийлик органдары убагында болгон күч аракетин жумшаганын, селдин кесепеттерин жоюу иштери уланып жатканын белгилеп, жабыркагандарга жардам көрсөтүлөрүн билдирди. Президент куткаруучуларга жардам берген жарандарга ыраазычылык айтты.

28-июнда Ош облусундагы селден алты кишинин өмүрү кыйылды. Табигат кырсыгынын кесепетинен Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогорку тарабында калып кеткен 1000ден ашык киши коопсуз жерге чыгарылды. Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

24-июнда Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жеңиш айылында беш жашар баланы сел агызып кетип, өмүрү кыйылган. Өткөн аптада Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм селге агып көз жумган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-июндан 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын маалымдап, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG