Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:59

Орто-Токойго салынуучу чакан ГЭСтин курулушу башталды


Орто-Токой суу сактыгычы.
Орто-Токой суу сактыгычы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орто-Токой суу сактагычына салынуучу чакан ГЭСтин курулушунун башталышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаровдун айтымында, ГЭС курулуп бүтсө Балыкчы шаарындагы 14 миңден ашык үйгө электр энергиясын берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. ГЭСтин кубаттуулугу 21 МВт болот. Долбоордун баасы айтылган жок.

Орто-Токой кичи ГЭСин куруу үчүн кытайлык China National Machinery Industry Corporation (CHMC) менен “Чакан ГЭС” ишканасынын ортосунда келишим түзүлгөн.

Ысык-Көл менен Нарын облустары чектешкен жерде жайгашкан Орто-Токой - 1956-жылы курулган Кыргызстандагы эң биринчи суу сактагыч. Ага Чүй дарыясы куят. Узундугу 18 чакырымга жетет, суунун көлөмү 4700 миллион куб метр. Орто-Токой өлкөнүн түндүк аймактарын суу менен камсыздайт жана суунун 25 % Казакстанга берилет. Ал Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат жана 120 миң гектар жерди сугарууга колдонулат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG