Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:58

ӨКМ: Абшыр-Атадан эки жүздөй киши коопсуз жерге чыгарылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тараткан акыркы маалымат боюнча селдин кесепетинен Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогорку тарабында калган 180 киши дарыядан өтүп, коопсуз жерге чыгарылды.

ӨКМ куткаруу иштеринин видеосун жарыялады. Анда сууну кечип, аркан менен адамдар өтүп жатканын көрүүгө болот. УТРК телеканалы Абшыр-Атада медициналык пункт ачылганын кабарлады.

28-июндагы катуу жамгырдан Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн. Суунун аркы бетинде болжолдуу 1300 адам өтө албай калып калганы аныкталган. Алар аман-эсен экени айтылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку маалыматтары боюнча 42 куткаруучу Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору жагында жол бузулуп, өтө албай калган жарандарды эвакуациялоо иштерин жүргүзүүдө.

28-июнда Ош облусунда селден беш кишинин өмүрү кыйылганы тастыкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан соңку маалыматта мындан тышкары дагы эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылды.

Издеп-куткаруу иштерине Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан да куткаруучулар тартылууда. Ишти өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов координациялоодо. Жалпы 637 адам, 19 техника тартылды. Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

24-июнда Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жеңиш айылында беш жашар бала селге агып каза тапкан. Өткөн аптада Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм сел алып көз жумган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG