Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:20

Үч округдагы шайлоо: участкалардан сырткары добуш берүү башталды


БШК тараткан сүрөт.
БШК тараткан сүрөт.

№5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча участкалардын сырткары добуш берүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады.

Участкалардын сырткары добуш берүү үчүн улгайган, майыптыгы бар жана ооруп жаткандыгына байланыштуу Ноокат боюнча 299, Ысык-Көлдөн 100, Свердлов боюнча 594 арыз түшкөн.

Шайлоого үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышууда. 10-июнда башталган шайлоо алдындагы үгүт иштери 29-июнь таңкы саат 8:00дө аяктады. Шайлоо 30-июнда өтөт.

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, БШК 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Боршайком 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.

№29 Свердлов округунан 2022-жылдагы шайлоодо депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын ошол кездеги атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин сотко жазган арызы негиз болгон. Добуш сатып алуу чырынан улам Боршайком Абдурахманхажи Муртазалиевге да мандат берген эмес жана жаңы шайлоо дайындалган. Ал БШКнын чечимине каршы сотко арызданган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG