Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

АКШнын аскер кызматкери орусиялык аялга кол салбаганын сотто айтты


Гордон Блэк. 2024-жылдын 6-июну.
Гордон Блэк. 2024-жылдын 6-июну.

Орусияда эки кылмыш үчүн айыпталып, соту жүрүп жаткан америкалык аскер кызматкери Гордон Блэк тагылган айыптарды четке кагып, күнөөсү жок экенин билдирди. Бүгүн 17-июндагы сот отурумунда ал эч кимге кол салбаганын айтты.

Блэк окуя болгон күнү Александра Ващук кызуу абалда ачууланып, ага агрессия көргөзгөнүн, колундагы табакты аны көздөй ыргытып, кулак түпкө жана көзгө урганын айтып берди. Үйдөн чыгуу үчүн буюмдарын жыйнай баштаганда Ващук тоскоолдук кылууга аракет кылганын, ошондо ортодо чыр чыкканын билдирди. Ващукту бир жолу чапканын, эки жолу түрткөнүн моюнуна алды.

Ващуктан акча алганы чын экенин, бирок эртеси кайра кайтарып бергенин айткан Блэк Владивостокко барар алдында Түштүк Кореядан ага 300 миң рубль ($ 3350) жөнөткөнүн, Орусияга барганда дагы 525 доллар которгонун кошумчалады.

Ващук экөө чогуу бир ай жашаган батирдин ижара акысынын негизги бөлүгүн Блэк төлөгөнүн, бир нече жолу анын агрессиясын байкаганын билдирди.

АКШ армиясынын штаб-сержанты Гордон Блэк май айынын башында Алыскы Чыгыштагы Владивосток шаарында кармалган.

Иш Владивостоктун Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. 6-июндагы отурумда америкалык аскерге каршы арызданган орус жараны Александра Ващук жана бир күбө көрсөтмө беришкен.

Ващук Блэкти түрмөгө камабоону суранып, ал психиатриялык жардамга муктаж экенин айткан.

"Ал жөн эле бактысыз адам. Аны камоонун кереги жок. Ал дарылоого муктаж… Өз мамлекети анын абалын билсе да ошондой дарылоо көрсөткөн эмес. Ооба, ал кылмыш кылды, бирок ал түрмөгө камай тургандай коркунучтуу иш кылган жок», - деген Ващук.

Эгер коюлуп жаткан айыптар сотто колдоо тапса, 34 жаштагы Блэк жети жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Алгач уурулук боюнча кармалган аскерге кийин «өлтүрөм деп коркуткан» деген айып тагылганын 27-майда «Коммерсант» жана ТАСС билдирген. Алардын маалыматына караганда, Приморье крайынын прокуратурасы Блэкке Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинин негизинде айып тагып, ишти сотко жөнөткөн.

Алгач ага «олуттуу зыян келтирген уурулук» деген айып тагылган. Буга Владивосток шаарынын тургуну, америкалык жаран конокко барган 32 жаштагы Александра Ващук аттуу келиндин «акча каражаты» жоголгону себеп болгонун тергөө билдирген.

Блэк ал аял полицияга 10 миң рубли жоголгону тууралуу арыз жазгандан кийин кармалган.

Экинчи айып дагы Ващуктун арызынын негизинде коюлган. «Коммерсант» жазгандай, аял үйүндөгү уруш учурунда Блэк аны колкодон алганын, муну ал «өмүрүнө олуттуу коркунуч» катары кабыл алганын жазган.

Блэк кармалганын алгач NBC News телеканалы кабарлап, аны жетекчилиги Түштүк Кореяга иш боюнча жөнөткөнүн, сапары аяктагандан кийин АКШга кайтышы керек болгонун, бирок кайтар алдында "романтикалык мамиледе" болгон аялга кезигиш үчүн Владивостокко барганын жазган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Владивостоктогу өкүлчүлүгү америкалыктын кармалышын «күнүмдүк жашоодо боло жүрчү криминал» деп мүнөздөп, тыңчылык менен байланыш жок экенин билдирген.

Блэк Москва менен Вашингтон ортосунда мамиле чыңалып турган учурда Орусияда ар кандай себеп менен кармалган америкалык жарандардын тизмесин толуктады. Алардын арасында тергөө абагында отурган журналисттер – «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Алсу Курмашева, The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершкович, 16 жылга эркинен ажыратылган жаран Пол Уилан бар.

2023-жылдын сентябрында АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалыктарды Орусияга баруудан карманууга чакырган.

Блэк кармалгандан бир нече аптадан кийин орус бийлиги АКШнын дагы бир жараны, Уильям Рассел Никам аттуу киши мас абалындагы «майда ээнбаштык» деген айып боюнча кармалганын, ал Москвада тергөө абагында отурганын билдирген.

Бул окуялар Москва менен Вашингтон ортосунда Украинадагы согушка жана эл аралык коопсуздукка байланыштуу башка да маселелердеги пикир келишпестик курчуп турган шартта Орусия айырбаштоо үчүн туткун топтоо максатында америкалыктарды кармап жатышы ыктымал деген жоромол жаратууда. (RK)

XS
SM
MD
LG