Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Жарандык авиация агенттиги: “Ош” аэропорту беш жылга чейин жылдырылбайт


“Ош” эл аралык аэропорту.
“Ош” эл аралык аэропорту.

Жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов “Ош” эл аралык аэропорту алдыңкы беш жыл ичинде жылдырылбай турганын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 18-июндагы отурумунда билдирди.

Депутат Улукбек Ормонов экинчи борбор калаадагы аба майдан качан жылдырыларын сурады. Ал жаңы аэропорт курулчу жерди президент көрүп кеткенин, чечим кабыл алынса эле аткарыла турган иш экенин белгиледи.

Данияр Бостонов бул маселе Президенттин администрациясы менен макулдашуу болгонун, аларда азырынча аба майданды жылдырбай туруу боюнча кат бар экенин айтты. Ал мунун себебин кенен түшүндүргөн жок.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 1-майында Ош жана Жалал-Абад шаарларына барып, жаңы аэропорттор курула турган жер тилкелерин көрүп чыккан. Анда аба майдандан башка жакка жылдырылып, алардын ордуна аэропорттордун ордуна заманбап турак жайларды куруу планы айтылган. Курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген ипотека менен берилери кабарланган.

Учурдагы “Ош” эл аралык аэропортунун аймагынын жалпы аянты 168 га жана “Жалал-Абад” аэропортунун аймагынын жалпы аянты 78,2 га түзөт.

“Ош” эл аралык аба майданы – Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт. Анын имараты 1974-жылы курулган жана анда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттамды уюштурат. Азыркы аэропорт Ош шаарынан 9 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жаңы аэропортту Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр жана Мады айылдарынын аймагындагы тилкеге куруу пландалып жаткан.

"Жалал-Абад" аэропорту ички каттамдарды гана ишке ашырат. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери жүргөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG