Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:09

"Акча, паспорт, жер тилкеси". Москва Шри-Ланканын, Индиянын жарандарын согушка азгырууда


Жакындарын согуштан кайтарууну талап кылган шри-ланкалыктар. Коломбо, 4-июнь 2024-жыл
Жакындарын согуштан кайтарууну талап кылган шри-ланкалыктар. Коломбо, 4-июнь 2024-жыл

Индия Орусияны согушка жалдаган жарандарын артка кайтарууга үндөдү. Бир нече күн мурун индиялык эки киши Украинадагы майданда каза тапканы белгилүү болгон. Ал эми Шри-Ланкада Орусиянын элчилиги алдына чогулгандар алданып согушка жөнөтүлгөн жакындарын кайтарууну талап кылышты.

"Орусияда иш табуу үчүн агентке 10 миң доллар төлөгөнбүз"

AFP агенттиги 11-июнда кабарлагандай, Шри-Ланканын кеминде 22 жараны Орусиянын армиясынан качып, мекенине кайтып келди. Түштүк Азиядагы аралдын коргоо министри Аллен Хиттин айтымында, аларга катардагы жумуш, жакшы маяна, орус жарандыгы өңдүү нерселерди убада кылышкан. Бирок барары менен Украинадагы согушка жөнөтүшкөн.

Орусия тарапта согушуп жарадар болгон Анил Мадусанка. Шри-Ланка, 4-июнь 2024-жыл
Орусия тарапта согушуп жарадар болгон Анил Мадусанка. Шри-Ланка, 4-июнь 2024-жыл

Ал жактан кайтып келген шриланкалыктардын бири, 37 жаштагы Анил Мадусанка кабарчыларга айтып бергендей, Орусияда ага айдоочу болосуң деп айтышкан, бирок колуна курал карматып, фронт тилкесине жиберишкен. Майданда жарадар болгон жигит ооруканадан өз өлкөсүнүн элчилигине качып кеткен. Андан кийин аны мекенине кайтарышкан.

“Мен Шри-Ланканын армиясында кызмат өтөгөн эмесмин. Курал кармап көргөн эмесмин. Макул, машина айдайсың, бирок кээде адамдарды атыш керек болот, ошон үчүн курал керек деп айтышты. Бир жума машыгасың дешти”.

Орусияга акча табабыз деп жөнөгөн шриланкалыктардын үй-бүлөлөрү жакындарын үйлөрүнө кайтарууну талап кылып, өткөн аптада борбор шаар Коломбодогу орус элчилигинин алдына чогулду.

49 жаштагы Ренука Карунаратне күйөөсүнө Орусияда иш табуу үчүн агентке 10 миң доллар төлөшкөнүн, бул үчүн болгон мүлкүн сатып, үйүн күрөөгө койгонун айтып берди:

“14 күн машыккандан кийин майданга жиберишкен. Биз итке минип калдык. 10 миң доллар төлөгөнбүз. Күйөөлөрүбүздү артка кайтаргыла”.

AFP жазганына караганда, WhatsApp-тан айына 2100 доллар эмгек акы убада кылган жарнамаларды көрүүгө болот. Бул – Шри-Ланкадагы орточо маянадан 13 эсе ашат. Андан тышкары Орусияда жер тилкеси берилет деп азгырышат.

Коломбо бийлиги Орусиянын Украинага каршы согушуна 280 жараны катышып жатканын болжолдогону менен так саны белгисиз. Кээ бир маалыматтарда бери дегенде 16 шриланкалык каза тапканы, 37си жарадар болгону айтылып жүрөт. Өкмөт он чакты киши согуш туткуну катары Украинада кармалып жатканын билдирген.

Май айында Шри-Ланканын президенти Ранил Викремесингхе Москвага делегация жөнөтүп, мекендештерин согушка тартуу учурларын иликтөө тапшырмасын берген. Өлкө парламенти шриланкалыктар эки тараптын куралдуу күчтөрүнүн же жалданма топторунун катарында согушка катышууда деген маалыматтарды текшере баштаган.

Шри-Ланкадай эле Непалдын бийликтери өз жарандарына Украинадагы согушка жалдагандардын торуна түшүп калбоону эскертип келатат.

Орус паспортуна азгырылган индиялыктар

Орусиянын армиясы согушка жалдаган Индиянын жараны Шейх Мохаммад Тахир. 22-февраль 2024-жыл
Орусиянын армиясы согушка жалдаган Индиянын жараны Шейх Мохаммад Тахир. 22-февраль 2024-жыл

Шаршембиде Индиянын тышкы иштер министри Винай Кватра Орусиянын расмий өкүлдөрү менен тиешелүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, Дели өкмөтү индиялыктарды согушка жалдоо фактыларын олуттуу кабыл алганын билдирди:

"Бул - жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоону көздөгөн кеңири чаралардын бири. Биз орус жетекчилерине согуш жүрүп жаткан тилкеге индиялыктар кандай гана жол менен барбасын, аларды кайтаруу керектигин так кесе айттык. Жарандарыбызды урушка кантип жалдап жатышканы, ал жерге жөнөтүлгөнү тууралуу маалымат түшкөндө эле тиешелүү мекемелер аркылуу андай мыйзамсыз ишти токтоттурууга аракет көрүп келатабыз".

11-июнда Индиянын Тышкы иштер министрлиги орус бийлиги менен Украинадагы согушта окко учкан индиялык эки кишинин сөөгүн мекенине кайтаруунун үстүнөн иштеп жатышканын маалымдаган. Курман болгондордун ысымдары аталган жок.

The Indian express басылмасынын жазганына караганда, мартта Орусиянын тарабында согушуп жүргөн Индиянын дагы эки жараны каза тапкан.

Индия бийлиги буга чейин жарандарын алдап согушка салышканын, Орусияда жумушка орноштурабыз деген адам аткезчилиги менен алектенген кылмыштуу топту жок кылганын билдирген. Индиянын тергөө мекемеси бери дегенде 35 жаран агенттер аркылуу майданга жөнөтүлгөнүн аныктаган.

Би- би - си акчага же орус паспортуна азгырылган айрым индиялыктар менен маектешкен. Кээ бирлери аларды күчтөп куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө жиберишкенин айтса, башкалары өз каалоосу менен барганын баяндашкан.

Индиянын тышкы саясий мекемеси өз жарандарын “Орусияда ишке орношкондо этият болууга чакырды”.

Москва индиялык жарандардын согушта каза болушун комментарийлеген жок.

Өз жарандарын согуштан кайтарууга чакырганы менен Индия БУУда Украинага кол салганы үчүн Орусияга каршы добуш берүүдөн же орус президенти Владимир Путинди сындоодон карманып, жаңжалды дипломатиялык жол менен токтотууга үндөп келет.

Дели Москваны "кансыз согуш" доорунан берки өнөктөшү. Тараптар коргоо, мунай, ядролук энергия, космосту изилдөө тармактарында тыгыз кызматташып жүрүшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG