Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: саясаты чечилип, каржысы калдыбы?


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан транспорт коридору боюнча Кытайдын Ланьчжоу аймагынан Өзбекстанга сапар алган жүк ташуучу поезд, 9-июнь, 2023-жыл.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан транспорт коридору боюнча Кытайдын Ланьчжоу аймагынан Өзбекстанга сапар алган жүк ташуучу поезд, 9-июнь, 2023-жыл.

Бээжинде үч өлкө өкүлдөрү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун биргелешип куруу жөнүндө макулдашууга кол койду. Кыргыз өкмөтү иш жүзүндө долбоорду каржылоо, куруу, эксплуатациялоо жана тейлөө шарттары чечилгенин билдирди.

6-июнда Бээжинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун каржылоону, курууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү тактаган макулдашууга Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Кытайдын өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шанжие жана Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов кол койду. Азырынча өкмөт долбоордун наркы, аны каржылоо булагы жана шарты тууралуу маалымат берген жок.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров видео кайрылуусунда "үч өлкөнүн өкмөттөрү долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр" экенин айтты.

“Үч тараптын биргелешкен аракети менен 2023-жылдын ортосунда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты. Андан кийин биздин өлкөлөрдүн мамлекеттик темир жол ишканалары тарабынан биргелешкен ишкана түзүү жолу менен долбоорду ишке ашыруунун механизми жөнүндө жалпы түшүнүккө жетишилди", - деген президент Жапаров.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоору Кыргызстандын тоолорунда айрым жерлерде бийиктиги 3000 метрден ашкан 50дөн ашык туннелди жана 90 көпүрөнү курууну камтыйт.

Буга чейинки жарыяланган маалыматка таянсак, Кыргызстанда жолдун жалпы узундугу 311 чакырымды түзөт жана болжолдуу наркы 4,7 млрд долларга турмакчы. Багыттардын өзгөрүшүнө жана курулуштун аткарылышына байланыштуу алымча-кошумча болушу мүмкүн.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт-Кош-Дөбө-Казарман-Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.

Кытайда темир жолдун эни 1435 мм түзөт. Бул дүйнөдө эң кеңири таралган стандарт. Ал эми постсоветтик мейкиндиктеги, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандагы темир жолдордун эни 1520 мм болот. Темир жол Макмалга чейин 1435 мм ичке жол менен кетет. Жолду алмаштыруу базасы Макмалда жайгашат.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бул долбоор ишке ашса үч өлкөнүн Жакынкы Чыгышка, Түштүк Европага жетчү жолун дээрлик 900 чакырымга кыскартат.

Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин Кытайдын темир жол куруу корпорациясынын долбоорлоо-изилдөө институту жасаган. 2023-жылдын июль айында тараптар ал боюнча иш аяктаганын жарыялап, темир жол магистралын куруунун техникалык жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун тастыктаган.

Темир жол магистралынын курулушу Азия-Европа багыты боюнча кургактагы транзиттик каттамды түзөрү, экспорттук-импорттук жүк ташуунун аралыгын бир кыйла кыскартары жана анын боюндагы өлкөлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтери айтылып келет.

2023-жылдын башында Бишкекте долбоордун курулуш иштерин координациялоо кеңеши ачылган.

Саясат чечилди, каржылоо кандай болот?

Кыргыз бийлиги темир жол долбооруна каражатты кайдан табары тууралуу азырынча маалымат бере элек. Жалпы эле үч өлкө долбоорду каржылоонун кандай жолдорун карап жатканы да белгисиз.

Жергиликтүү экономист Искендер Шаршеев долбоорду баштоого бөгөт койгон эки фактор бардыгын белгилейт.

“Биринчиси - каражат, экинчиси - геосаясат. Азыр геосаясат жумшарды окшойт. Эми каражат маселеси турат. Эл аралык институттардын жардамы менен болбосо өзүбүзгө чыгаруу кыйын. Бирок баштап, баскыч-баскычы менен ишке ашырсак болот”, - деди экономист "Азаттыкка" берген комментарийинде.

Кыргыз өкмөтү стратегиялык темир жол магистралы курулса, транзиттик алымдардан эле бюджетке миллиарддаган доллар киреше түшөрүн жүйө келтирген. Ал эми айрым эксперттер, темир жолдун толук потенциалын пайдалануу үчүн өлкө өз товарын экспорттоо керектигин айтышат.

“Темир жол качан пайдалуу болот? Качан өзүбүз өндүргөн, кайра иштеткен товар болгондо гана. Эми темир жол курулуп калса Кытай өндүрүшүнө жаңы багыт, жаңы дарамет жол пайда болот”, - деди Инвестиция агенттигинин мурдагы жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулу.

Ачык булактардан алынган маалыматтарга таянсак, стратегиялык долбоорду каржылоонун эки модели каралып жатат. Биринчиси - четтен инвесторлорду тартып, мамлекеттик жеке өнөктөштүк менен долбоорду ишке ашыруу. Экинчиси – буга чейин колдонулуп келгендей эле насыя алып, ошонун эсебинен темир жолду куруу. Бирок экономисттер ансыз дагы тышкы карызы көп Кыргызстан үчүн биринчи вариант оңтойлуу экенин белгилешет.

Президент Садыр Жапаров чет өлкөгө жасаган ар бир сапарында жогорку жетекчилер, ишкерлер менен жолугушууда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол долбооруна каражат салууга үндөйт.

“Борбор Азиянын транзиттик, транспорттук жана логистикалык потенциалы жогору. Дүйнөлүк сооданын маанилүү байланышы болгон Улуу жибек жолу да Борбор Азия жана Кыргызстан аркылуу өткөн. Бул транспорттук жол экинчи өмүрүн баштоо алдында турат”, - деп Жапаров былтыр сентябрда Берлинде өткөн саммитте бул маселени көтөргөн.

Ага чейин Нью-Йорк шаарында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) башкы директору Вуучонг Ум менен жолугушууда да “Камбар-Ата-1” ГЭСин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун каржылоого чакырган.

Кытай сүрөгөн, Орусия ооздуктаган темир жол долбоору
please wait

No media source currently available

0:00 0:38:52 0:00

Кыргыз бийлиги бул темир жол Кыргызстанды эле эмес, жалпы аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иран аймактарына, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтерин билдирип келет.

Темир жол магистралын куруу ондогон жылдардан бери создугуп келатат. Мында Орусия дагы долбоорго катышууга катуу аракет кылып, талкуу процесстеринде 3+1 форматында аралашып, өз кызыкчылыгын болушунча таңуулап жүрдү. 2022-жылы эл аралык санкцияларга кабылган соң Москванын позициясында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Анткени, анын аймагын аралап өткөн Түндүк коридордун мүмкүнчүлүктөрү бир кыйла тарыган маалда эми Түштүк коридорлору жардамга келиши мүмкүн.

Өзбекстандагы “Ман’о” изилдөө демилгелери борборунун директору Бахтиёр Эргашев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу иштери өтө кечигип, ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү өткөрүп жиберип жатканын айтат.

“Бул долбоор абдан зарыл жана керектүү экендигине карабай, өтө эле создугуп кетип жатат. Чындыгында биз Кытайдан чыгып, Казакстан аркылуу Батышка кеткен ортолук коридорду транспорттук-коммуникациялык маселелердин саясатташышы катары билебиз. Бирок Украинадагы согуштун маалында ал дагы күчөй берери анык. Санкциялардын жана контрсанкциялардын системасында биз жаңы альтернативдүү транспорттук коридорлорду издөөгө мажбур болобуз. Мындай жагдайда, эгерде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол коридору иштеп жаткан болсо жакшы өнүгүп кетмек”.

2022-жылдын сентябрында Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусун утурлай Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG