Ошто Түркиядагы Вандык кыргыздардын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү өттү. Анда Ооганстандан Түркияга көчүп кеткен кыргыздар улуттук кийимдерин, колдонгон буюмдарынын айрымдарын көргөзүштү. Түркиядан иш-чарага келген жети аялдын максаты кылымдардан бери келе жаткан кол өнөрчүлуктү, саймачылыкты сактап, элге жайылтууга багытталган. Көргөзмөнү “Аталар изи" коомдук фонду уюштурган.
"Кыз бала кызыл чоктой". Вандык кыргыздардын көргөзмөсү

21
Бул кийимдер азыр күнүмдүк жашоодо колдонулбай калган. Вандыктар негизинен улуттук кийимдерди майрамдарда, иш-чараларда кийүүнү адатка айлантышкан.