Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Ош - Сары-Таш - Эркечтам жолу сел калдыктардан тазаланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусундагы Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолу сел калдыктарынан тазаланды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 16-майда кечки саат 21:00 чамасында аталган жолдун 56-58-чакырым аралыктарында сел жүргөн. Министрликтин Алай району боюнча бөлүмү жолду тазалоо ишине тартылган. Табигый кырсыктан жабыркагандар жок.

Өткөн аптада нөшөрлөп жааган жаандан улам, Ош, Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында сел жүргөн. Дарыяларда жана сайларда суунун деңгээли көтөрүлүп, автоунаа жолдорго кум-шагыл толуп калган. ӨКМ учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Кыргызстанда сел коркунучу июнь айынын ортосуна чейин сактала турганын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-майда Жогорку Кеңеште өлкө аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш- чаралар жөнүндө маалымат берип жатып билдирген. Министр алдыңкы күндөрү дагы бир аптадай жаан-чачындуу аба ырайы болорун эскерткен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG