Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Министрлик Кыргызстанда 91 миң адам жумушсуз экенин билдирди


"Эмгек биржасы". Бишкек.
"Эмгек биржасы". Бишкек.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Кыргызстанда 91 миң 600 адам жумушсуз экенин, анын ичинен 64 миң 600ү жумушсуз катары расмий каттоодо турганын билдирди.

Бул тууралуу ал 13-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Ал эми Улуттук статистика комитетинин сурамжылоосунун негизинде жумушсуз деп саналган, бирок иш издеп каттоого турбагандарды кошкондо, 131 миң 600 адамды түзөт. Алардын 44,3% аялдар. Өлкөдөгү жалпы жумушсуздук деңгээли 5% жакын деп көрсөтүлгөн.

29-февралда Эл аралык республикалык институт (IRI) уюмунун тапшырмасы боюнча SIAR изилдөө-консалтинг компаниясы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы чыккан. Сурамжылоого катышкандардын көбү Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири жумушсуздук экенин айтышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG