Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:18

"Миграция мени майып кылып, апамды алып тынды"


Бек Шеримбек уулу
Бек Шеримбек уулу

Бек Шеримбек уулу 2018-жылы Орусияда жумуш учурунда кырсыкка кабылган. Мигрантты курулушта кыш жүктөлгөн таңгак басып калып, омурткасы сынган. Белинен, бутунан майып болуп калган жигитти дарылатуу үчүн ата-энеси, бир туугандары да миграцияга кетүүгө аргасыз болгон.

Алты жыл мурда 23 жаштагы Бек башкалардай эле бутка туруп, үй салсам деген максат менен Москвага миграцияга аттанган. Башта бир жылдай короо шыпыргыч болуп иштеген жигит кийин курулушка орношот. Айлыгынын бир бөлүгүн өзүнө жумшап, калганын айылга салып жүргөн Бек жумушта күтүүсүз кырсыкка кабылып, жашоосу заматта өзгөргөнүн айтып берди:

«Москвада расмий жумушта эмес элем, каттоом чыкпай жүрдү. Ошого камсыздандыруусу жок эле иштеп жүргөм. Курулушта кирпич койчумун. Бир күнү жумуш аяктап калган кезде жүк келип калды. Бригадирибиз жүктү түшүрүп берип койгула, 5-10 сом болсо да чөнтөгүңөргө пайда деп калды... Жашпыз да, күч бар, жүктү түшүрүп жатканда маалда кырсык көз ачып-жумганча болуп кетти. Үстүмө поддон кулады. Москвада кирпичти таңгактап алып келишет. Ошол таңгак түшүп кетип, белим менен жамбашымды басып калган. Эсим ооп калыптыр. Ойгонсом ооруканада экенмин. Жанымда бөлөм бар экен. 5-6 сааттай ооруканада жатып, белимдин оорусун азайткан дарыны тамчылатып сайышты. Москвада жатып дарыланышың керек деген. Ал жактан томографияга тарткан болчу. Арка омуртка ордунан жылып, сынып кеткен. Жаштыкка салып, ооруну тоготпой койдум да. Жакшы болуп кетем деп эки айдай үйдө жаттым. Дарылануума деп бригадир 20 миң рублдай акча берди. Андан башка эч нерсе берген жок.”

Бирок Бек жакшы боло албай койгон. Бир күнү шаар кыдырып жүрүп, денеси муздай түшүп, бел тараптан ириң жарып чыкканда кайра ооруканага кайрылган. Белин тазалатып, таңдырып чыккан соң, эртеси курсагы шиший баштаганда тааныштары Кыргызстанга барып дарыланууга кеңеш беришкен. Ошентип Москвада кырсыктагандан кийин үч ай дегенде Бек мекенине кайтып келген.

Сүрөт айрым окурмандар үчүн үрөй учурган маанай жаратышы мүмкүн
Бек Шеримбек уулу 2018-жылы Орусияда иштеп жүрүп, жумуштан кырсыкка кабылган. 30 жаштагы мигрантты курулушта кыш жүктөлгөн таңгак басып калып, омурткасы сынып кеткен.

“Жалал-Абадда эки айдан ашык ооруканада жаттым. Томографияга тартты, башка кылды, бирок билинген жок. Акыры Оштон комиссия келип, УЗИге тартып көргөндө баягы сынган эки омуртка кемирчегине дагы кошулуп, беш омуркама доо кетиптир. Бишкекке жиберишип, кайра ооруканага жаттым. Бир айдын ичинде дарылап, күчкө толтуруп, операция жасашты. Бирок жыйынтык болгон жок. Ошентип үч жолу операция болдум. Бир тууган иним Москвадан учуп келип, 3,5 жыл жанымда карады. Үчүнчү жолку операциядан кийин реанимациядан ойгонуп, чочуп кетип, тебинип жибергеним эсимде, ошону менен оң бутум кыймылдабай калды. Дарыгерлер колдон келгендин баарын жасады, бирок жакшы боло албадым. Азыр бутумдун тарамышы үзүлгөн бойдон турат. Кайра Жалал-Абадга барып, эки жылдан ашык ооруканада жаттым, кыжалат болдум. Азыр омуркаларым, жамбаш сөөктөрүм сынган бойдон, бут сөөктөрүм чирип кетиптир. Түркияда он сааттык операция жасап, белге жасалма омуртка салса, басып, жашап кете аларымды айтышты. Кийин алты айдан кийин бутка операция жасайт экен. Баса албасам, бутума да протез салынат дешти. Эки операциянын баасын 35 миң доллар дешкен. Азыр белиме 28 миң доллар сурап жатат. Ага 15 миң доллар жетпей жатат.”

Бек Шеримбек уулу
Бек Шеримбек уулу

"Апам ыйлап жүрүп, өзү дартка чалдыкканын байкабаптыр"

Бек баса албай, ооруканага байланып калганынан улам ата-энеси, бир тууган иниси, карындаштары иштеп акча топтоо үчүн Москвага кетүүгө аргасыз болушкан. Бирок энеси уулунун ден соолугу үчүн акча топтоп жүрүп, өзү дагы айыккыс дартка кабылганын учурунда байкаган эмес. Ошентип өзүнүн жан аргасын таппай жаткан жигит энесинен да айрылып калган.

“Менин абалымды көргөн апам ыйлап, 2018-жылы иштегени Москвага кеткен. Жакшы эле иштеп жүрдү. Көрсө баргандан кийин экии-үч ай өтпөй эле ооруп калган экен. “Баламды дарылайм” деп акчаны үнөмдөп, өзүнүн ден соолугуна кайдыгер карап, ооруканага да көрүнбөй жүрө берген экен. Бул жактан колдон келишинче аракет кылдык. Тилекке каршы, кеч болуп калыптыр. Мойнунун артында без бар экен. Бир күнү атама чалсам, “апаң жашап кетсин десең, дуба кыл” деди. Ошол маалда эле апам комага түшүп калган экен. Апам 1975-жылкы эле, үй жыйнагыч болуп иштеп жүргөн. Апамдын сөөгүн Москвадан алып келүү оңой болгон жок, карызга батып, сөөгүн койгон соң бир жыл дегенде карызды жаптык. Эркек кишиге кыйын экен, атама өзүбүз айтып, үйлөндү. Биз чоңоюп, карындаштарым турмуш куруп кетсе атамды ким карайт дедик. Азыр ал Кыргызстанда. Ошентип бир жагынан апамды жоготуп, бир жагынан өзүм ооруп, колдоосуз калдым.”

Ушул тапта ден соолуктун азабын тартып жаткан жигит бир туугандарынын жардамы менен тиричилик кылып, дары-дармегин алып жатат. Бек өзү да акча табууга аракет кылып, такси айдап да көргөн. Бирок ал дагы кыйынга туруп, айылга кайткан экен.

“Азыр Жалал-Абаддамын. Карындаштарым, бир тууган иним, досторум жардам берип жатышат. Айына дары-дармегиме 60-70 миң сом акча кетет, массаж, физиотерапия алып турам. Сөөктүн туберкулезу деген диагноз коюлган. Үч жарым жыл бою алган дарыдан аллергия дагы болуп кыйналдым. Менде азыр кан айлануу системасы жакшы иштебей калган. Тамак-аш жесем деле арыктап баратам. Денем түздөлбөй жатат, бир жарым жылдан бери балдак менен басам.. Кыйынчылык менен басам. Негизи дарыгерлер басканга мүмкүн эмес, төшөктө жат дешкен.”

Бек Шеримбек уулу
Бек Шеримбек уулу

Мигрант эмгек укугун билсе...

Орусиянын мыйзамы боюнча өндүрүштөгү кырсык үчүн жумуш берүүчү жооптуу. Жумушчу жарат алып, зыян тартса, иш берүүчү кенемте төлөөгө милдеттүү. Бирок андай учурда дароо “Тез жардам” жана полиция чакыруу керек. Бек кырсыкка кабылганда андай эрежени билген эмес.

“Айылда өскөн балабыз да, көп нерсени түшүнбөйбүз. Ал маалда орусчаны деле жакшы билчү эмесмин. Москвага биринчи жолу баргам. Эч кимге деле кайрылган эмесмин. Менин бир айыбым ооруну тоготпой койгонум болду. Жаштыкка салып, жакшы болуп кетем деп жүрө бергем. Жаш кезде көчөдө жыгылып, урушуп, колу-бутубузду сындырып алганда сыныкчыга барып эле салдырып алат элек. Менде да сыныкчыга барып салдырып алам деген ой болгон. Табыптарга дагы бардым, алар дагы белди салабыз деп тарткылап койгону үчүн ооруну күчөтүп алдымбы дейм. Эмгек укугумду коргоо деген түшүнүк да болбоптур. Апам өтүп кеткенде деле ал жактан жардам болгон эмес, баарын сатып, баарын өзүбүз көтөрдүк. Иштеген адам Москвасы жок эле бул жактан акча тапса болот экен. Көптөгөн мекендештерди, бир туугандарды көрүп жатам. Москва жергесинде жаштыкка салып, ооруп келгендер көбөйүп кетти. Мен аларга мекениңерде эле иштегиле деп айтаар элем.”

"Азаттык" байланышкан Орусияда мигранттар менен иштешкен юрист (коопсуздуктан улам аты-жөнү ачык айтылбайт - ред.) көпчүлүк мигранттардын эмгек укуктары корголбой каларына токтолду.

Эмгек кодексте жазылган. Эгерде иш учурунда, иш сапарга кетип жаткан учурда, ишке баратканда, же иштен кайтып кетип жатканда автобуста болсо да ишкана жооп берет. Бул иш учурундагы кырсык болуп эсептелинет. Биздин мекендештердин мыйзамды жана өз укугун билбегенин ишкана жетекчилери менен кызматкерлери көп пайдаланышат. Кээ бир учурда башкы директорлордун дагы кабары болбой калат. Аларга жеткирбей эле, сөгүш албайлы, иштен айдалбайлы деп, кабар бербей эле өздөрүнчө бүтүрөт”, - деди "Азаттык" байланышкан юрист.

Үйдө төрт бир туугандын улуусу Бек Москвага кетээрден мурда окуп, ашпозчулук кесипти алып, апасына жардам берип жүрчү экен. Эми ден соолугун калыбына келтирип алып, кесиби менен иштеп, үйлөнүп, бала-чакалуу болуу кыялы бар экенин айтып берди.

“Мурун бир туугандар баарыбыз бир үй-бүлөдө чогуу болуп, апам тамак кылып чакырып, күлүп-жайнап отурат элек. Мен ооругандан баштап, андай мээрим жок. Себеби үйгө барсаң деле эч ким жок. Уйдун куту, жарыгы өчтү. Мен ооруп калганы баары ар тарапка тарап кеттик. Карындаштарымдын чоңойгонун көрбөдүм. Ар бир кыйынчылыктын артында жакшылык бар дейт. Адам баласы кыйынчылыкты баштан өткөрмөйүнчө бактылуулуктун даамын сезбейт экен да. Басып жүргөндөгү кыялдарым менен азыркы ойлорум башка. Үйлөнүп, өзүм менен өзүм болсом дейм. Жаныңда “Сенин колуңдан келет деп” сүрөп турган киши болсо, эркек киши бардыгын жасайт да. Бутума туруп, элге кызмат кылгым келет. Элдин арты менен , алардын жылуу сөзү, колдоосу менен жылып келе жатам. Жашоо кыска, азыр көзүм тирүү, эртең бар-жокмунбу, кудай билет... Карындаштарымды, инимди өстүрүп, аларды кароо дагы мойнумда. Үйлөнтүп, тойлорун өткөрүп, айылда эле бактылуу жашасам дейм.”

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG