Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

2 млн сомдон ашуун акча салынган сейфти уурдагандар Оштон кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулукта "Б-Д" Агро-маркетинин кеңсесинен 2 млн сом акчасы бар темир сейфти уурдап кеткендер Ош шаарынан кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 27-апрелде жабырлануучу Сокулук райондук милициясына кайрылып, ошол эле күнү таңкы саат 04:00 чамасында Фрунзе айылындагы "Б-Д" Агро-маркетинин кеңсесине мыйзамсыз кирип, темир сейфти уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүп берүүнү суранган. Жабырлануучунун маалыматына караганда, сейфтин ичинде 2 млн сомдон ашуун каражат болгон.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1979-жылы туулган Э.Ж. жана 1986-жылы туулган Б.А. аттуу жарандар шектүү катары аныкталып, алар Ош шаарынын аймагында колго түшкөн. Шектүүлөр Сокулук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, унаасы атайын айып унаа токтотуучу жайга токтотулду.

ИИМдин маалыматына караганда, шектүүлөрдүн бири Б.А. аттуу жаран 2023-жылдын июль айында Токмок шаарындагы ишканалардын биринен 60 миң доллар жана 1,5 млн сом акча уурдоого тиешеси бар экендиги аныкталып издөөдө жүргөн. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын катоосунда тургандыгы аныкталган.

Учурда бул жарандардын башка кылмыштарга катыштыгы текшерүүгө алынып, тергөө амалдары уланууда.

Кыргыз бийлиги акыркы кездери уюшкан кылмыштуу топторго каршы аёсуз күрөш болорун улам эскертүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG