Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Иранда түрмөдөн абалы начарлаган окумуштуу аял бошотулду


Седиге Васмаги.
Седиге Васмаги.

Иранда “хижаб кийбей, жылаңбаш жүргөнү үчүн” деп айыпталып, абакта саламаттыгы начарлагандан кийин көзү көрбөй калганы айтылган окумуштуу, ислам таануучу, укук коргоочу жана активист аял Седиге Васмаги түрмөдөн күрөөгө бошотулганын «Фарда» радиосу кабарлады.

Emtadad Телеграм-каналынын 29-апрелдеги маалыматына караганда, абалы начарлаган Васмагини борбор калаа Тегерандагы түрмөдөн ооруканага которушкан. Дарыгерлер аны абактан чыгарып, дарылоого жөнөтүүнү көптөн бери суранып келишкен, бирок бийлик андайга уруксатын берген эмес. Натыйжада, «Фарда» радиосу билдиргендей, укук коргоочунун абалы начарлап, көзүнөн айырлган.

29-апрелде Васмаги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалымат комитетине кезектеги кайрылуусун жолдоп, жылаңбаш жүргөнү тууралуу айыптоону «таш боордук жана зордоо» деп атап, көзү көрбөй калгандан кийинки абалын кыйноого тете деп баалаган, ошого карабастан адвокаттын катышуусуна уруксат берилбеген сурактар уланып жатканын билдирген.

Васмагини 16-мартта күч кызматкерлери үйүнө барып кармап кетишкен. Ага «системага каршы үгүт жүргүзгөн» жана «коомдук жайларда шариатка ылайык хижаб кийип жүргөн эмес» деген айып тагылган.

Көптөгөн жылдар бою хижаб кийип келген белгилүү юрист, акын жана жазуучу Иран бийлигин хижаб кийбеген кыз-келиндерди куугунтуктап, кысымга алууда деп социалдык түйүндөр аркылуу айыптап, түрдүү сүрөттөрдү жана маалыматтарды жарыялап жүрөт.

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеини ал «диктатор» деп атап, саясатын «репрессиялык» деп баалаган.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

1979-жылы Иранда Ислам революциясы ишке ашкан. 1981-жылы кыздар 9 жашка чыккандан кийин башына жоолук салынып жүрүүгө милдеттүү деген эреже кирген, каршы чыккандар күч менен басылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG