Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:09

Германияда эки украин жоокеринин өлүмүнө шектүү кармалды


 Мурнау. Каза тапкан украин жоокерлерин эскерүү учуру. 29-апрель, 2024-жыл
Мурнау. Каза тапкан украин жоокерлерин эскерүү учуру. 29-апрель, 2024-жыл

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Александр Сырский фронтто кырдаал курчуганын, украин аскерлери айрым конуштардан чегингенин билдирди. Орус армиясы Донецк облусунун Очеретино шаарчасынын карамагындагы Новобахмутовка айылын өз көзөмөлүнө алганы айтылууда.

Дүйшөмбүгө караган түнү Орусиянын артиллериялык жана минометтук чабуулдарынан Донецк, Харьков, Сумы жана Запорожье облустарында кеминде жети киши жараат алганын Украинанын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Сумы облусу да аткыланганы, жалпысынан бул облуста кечээтен бери 127 жарылуу болгону кабарланды. Украинанын Башкы штабынын маалыматына караганда, фронтто соңку суткада 131 жерде кагылышуу болду.

Украин аскерлери чегиндиби?

Жекшембиде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Александр Сырский фронтто кырдаал курчуганын, Орусия фронттун бардык тилкелеринде чабуулдарын активдештиргенин, айрым багыттарда алар тактикалык ийгиликке жетишип жатканын, Украин армиясы Донецк облусундагы Бердичи, Семеновка жана Новомихайловка конуштарынан чегингенин билдирди.

28-апрелде "Интерфакс" агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип, орус аскерлери Донецк облусунун Очеретино шаарынын түштүк-чыгышындагы Новобахмутовка конушун толук көзөмөлгө алганын, Ленинское жана Керамик конуштарын көздөй катуу сокку урулганын билдирди. Деген менен Украин тарап мындай билдирүүгө комментарий бере элек.

Согушту изилдөө институтунун 27-апрелде жарыяланган баяндамасына ылайык, Украина ушул жылдын аягында чектелген контрчабуул операцияларын башташы мүмкүн.

"Украина жакынкы айларда фронт сызыгын турукташтыруу ыктымалы жогору жана 2024-жылдын аягында же 2025-жылдын башында чектелген контрчабуул операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн", - дешет серепчилер.

"Орусия согуш талаасында инновацияларды киргизүүнү улантууда, бирок тактикалык жактан олуттуу кемчиликтери бар", - деп айтылат изилдөө институтунун отчетунда. Ал эми Батыштын жардамы менен украиндер ок-дарыга болгон талабы аткарылат жана "жакынкы айларда жумушчу күчүнүн жетишсиздиги азаят" дешет талдоочулар.

"Украинанын бүткүл аймагын узак мөөнөттө кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү Батышта, Кремлде жана Киевде боло турган маанилүү чечимдерге көз каранды", - деп баса белгилешет серепчилер.

Украина Patriot жабдыгына муктаж

Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев учурда бери дегенде Patriot үлгүсүндөгү жети абадан коргонуу комплексине өтө муктаж болуп турганын билдирди. Ал 27-апрелдеги кечки кайрылуусунда өнөктөштөрүн чукул арада бул системалар менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө чакырды.

"Биз өз позицияларыбызды сактап калуу үчүн гана эмес, Орусиянын согуш пландарын үзгүлтүккө учуратуу үчүн бардык деңгээлдеги өнөктөштөрүбүз менен кызматташуудабыз. Биз дагы эле Украинага убада кылынган жүктөрдү күтүп жатабыз. Биз Украинанын кызыкчылыгы үчүн согуш талаасындагы кырдаалды өзгөртө ала турган көлөмдөгү жардамды күтөбүз", - деди Зеленский.

Эки жыл мурда Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна кабылган Украина биринчи жылы Батыштагы союздаштарынан, негизинен АКШдан алган курал-жарак менен согушуп келди, бирок соңку бир жылда мындай жардам дээрлик токтогону, талдоочулардын айтымында, Орусияга үстөмдүгүн кайра бекемдеп алуу мүмкүнчүлүгүн берди. Буга чейин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтонберг уюмга мүчө өлкөлөр абадан коргонуу системаларынын кайсы бир бөлүгүн Украинага берүү, айрыкча Patriot комплекстерине басым жасоо тууралуу сүйлөшүп жатканын кабарлаган.

Мунун алдында АКШнын Коргоо министрлиги Украинага баасы 6 миллиард долларлык аскердик жабдык, ок-дары жөнөтүлөрүн билдирген. Анын арасында Patriot комплекси үчүн ракеталар бар, бирок бул жолку жардамга комплекстин өзү кирген эмес. Ал эми АКШнын президенти Жо Байден 24-апрелде Украинага дээрлик 61 млрд доллар жардам берүү мыйзамына кол койгон.

"450 миңге жакын орус аскерлери өлгөн же жарадар болгон"

UK Defence Journal басылмасы Британиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип, Украинага басып киргенде 450 миң орусиялык аскер мерт кеткенин же жараат алганын кабарлады. Ошондой эле орус армиясы 10 миң брондолгон машина жана башка техникасынан кол жууду.

Басылманын суроолоруна жооп берген министрлер кабинетинин мүчөсү Лео Докерти: "Биз жаңжал башталгандан бери 450 миңге жакын орус аскерлери өлгөн же жарадар болгон, он миңдеген аскерлер качкан деп эсептейбиз. Орусиянын жеке аскердик компанияларынын (ЧВК Вагнер) катарында каза болгон аскер кызматкерлеринин саны так эмес", - деп жооп берген.

"Биз жаңжал башталгандан бери Орусиянын 10 миңден ашык бронетехникасы, анын ичинде дээрлик 3000 танк, 109 учак, 136 тик учак, 346 учкучсуз учуучу аппарат, 23 аскер кемеси жана бардык типтеги 1500дөн ашык артиллериялык системалар украин аскерлер тарабынан жок кылынган", - дейт Докерти.

Ал эми Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 51 679 орусиялык набыт болгонун чогуу аныктап чыккан. Ага ылайык, набыт кеткендердин 6159у мобилизацияга тартылгандар, 10,5 миңден көбү абактан согушка жөнөтүлгөндөр.

Журналисттер согушта мерт болгондордун тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап жатат. Алардын пикиринде, реалдуу сан кеминде эки эсеге көп.

Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Ошондой эле согушкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көрсөткөнгө аракет кылышат.

"Украин аскерлердин өлүмүнө шектүү кармалды"

Ал тапта Германиянын түштүгүндөгү Мурнау шаарынын тургундары 27-апрелде киши колдуу болгон эки украиналык жигиттин өлүмүнө аза күтүшүүдө. Украинанын Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбүдө алар украин аскер кызматкерлери болгонун жана немис ооруканасында медициналык реабилитациядан өтүп жатканын тастыктады. Бул кылмыш үчүн 57 жаштагы киши кармалганы, ал Орусиянын жараны экени белгилүү болду.

Окуя болгон жерге гүлдөр жана шамдар коюлуп, тургундар аза күтүүдө. 29-апрель, 2024-жыл. Мурнау шаары.
Окуя болгон жерге гүлдөр жана шамдар коюлуп, тургундар аза күтүүдө. 29-апрель, 2024-жыл. Мурнау шаары.

"Украина консулдары маркумдардун кызмат өтөгөн бөлүктөрү тууралуу маалыматты тактап, алардын жакындары менен байланыш түзүүдө. Министр Дмитрий Кулеба ТИМдин консулдук кызматынын департаментине жана Мюнхендеги башкы консулдукка бул ишти өзгөчө көзөмөлгө алып, Германиянын укук коргоо органдары менен дайыма байланышта болуп турууну тапшырды", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Быйыл 7-мартта да Германиянын Хоккенхайм шаарынын Рейн дарыясынын жээгинде 27 жаштагы украиналык аялдын сөөгү табылган. Кийинчерээк полиция анын бир айлык ымыркайын тирүү таап, эки шектүүнү кармаган. Бул иш боюнча негизги күбө катары эсептелген келиндин апасы изделген. Бирок көп өтпөй анын да киши колдуу болгону кабарланган. Украиналык үй-бүлө Рейн-Неккардагы качкындар лагеринде баш калкалап келген.

Расмий маалымат боюнча, Германияга согуш башталгандан бери 1,1 миллион украин жараны кирген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG