Тайван: Зилзаладан кийин 25 жолу силкинүү болду
Шаршембиде Тайванда акыркы 25 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болду. Магнитудасы 7,4кө жеткен зилзаладан расмий маалыматка караганда тогуз кишинин өмүрү кыйылды, 900дөн ашууну жабыркады. Бийлик бери дегенде 26 имарат урап калганын билдирди. Тайвандын бийлиги зилзаладан кийин 25 жолу силкинүү катталганын билдирди.