Казакстан: Суу каптаган аймактардан миңдеген кишилер көчүрүлдү

Актөбө облусу.
31-мартта Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында селдин кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү. Штаб өзгөчө кырдаал аймагынан 11 миң 306 адам эвакуацияланып, 5 миңден ашуун адам убактылуу баш калкалоочу жайларда жашап жатканын кабарлады.
Расмий маалымат булактары сел 40 жолду, бир көпүрөнү жууп кеткенин жазды. Казак бийлиги өзгөчө кырдаал аймагындагы элге жардам күнү-түнү көрсөтүлүп жатканын билдирди. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн 7 миңден ашык адам иштеп, 2 миңден ашык техника мобилизацияланды.
Буга чейин жергиликтүү бийлик Элек жана Каргалы дарыяларына жакын жашаган тургундарды коопсуз жактарга чыгып кетүүгө чакырган. Штабдын жыйынында оңдоо иштери жана турак жайларды кайра курууга каражат мамлекеттик резервден жана жергиликтүү администрациядан бөлүнөрү айтылды.
Ушул жуманын аягында Актөбө облусунун Берсиев айылынын тургундары тик учак менен эвакуацияланган.
Республикалык штаб 30-мартта президент Касым-Жоомарт Токаевдин чукул жыйынынан кийин түзүлгөн.
Акордонун маалыматына караганда, Токаев айрым региондордогу ташкынга байланыштуу 30-мартта ыкчам кеңешме өткөрүп, жергиликтүү бийлик башчыларын, өкмөттү сынга алды.
“Касым-Жомарт Токаев шалаакылыгын жана кесипкөй эместигин айтып, өкмөттү жана акимдерди кескин сынга алды. Анын сөзүнө караганда, өкмөт менен жергиликтүү бийликтин ортосунда координация болгон эмес. Президент жабыр тарткан аймактарда тургундардын мал-мүлкү зыянга учураганына байланыштуу өкүнүчүн билдирди. Жабыркагандардын баарына материалдык жардам берилерин айтты”, - деп жазылган маалыматта.
Жыйында убагында чара көрбөгөнү үчүн премьер-министрдин биринчи орун басары Роман Склярга, суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитовго, Атырау, Акмола, Алматы, Павлодар, Абай облустарынын акимдерине катуу сөгүш берилди. Актөбө, Костанай жана Батыш-Казакстан облустарынын акимдери кызматына толук ылайык эместиги тууралуу эскертүү алды.
"Азаттыктын" казак кызматы штабдын маалыматына таянып, учурда Казакстандын он аймагында суу каптоо коркунучу бар экенин жазды. Бир катар шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Казакстанда үйлөрдү суу каптап, эл эвакуация болду
1/15
Коянды айылынын тургундары суу кечип турушат..Шаар четиндеги конуш бир нече күндөн бери суу ташкыны менен күрөшүүдө. Айылдагылар бийликтин суу ташкындын кесепетин жоюу иштерине нааразы болуп көчөнү буушту. Алты кишиге "мыйзамсыз митингге" чыкканы үчүн айып пул салынды. 27-март, 2024-жыл.
Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)
2/15Кояндынын тургунунун үйүн каптаган сууну буруп жаткан киши.
Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)
3/15Кояндынын көчөсүндөгү эл.
Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)
4/15Сууну сордуруп жаткан машинелер.
Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)
5/15Кояндынын жашоочулары сууну насос менен сордурууда. Алар техника үчүн күйүүчү майды өз акчасына алганын айтышууда.
Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)
6/15
Көп балалуу Алтыннур Дуримхан үйүнө кире албай турат. 27-март.
Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)
7/15

8/1528-мартта Актөбөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Аймактын бийлиги чукул жыйын өткөрүп, Илек жана Каргалы дарыясынын жээгиндеги жүздөгөн үй-бүлөнү коопсуз жерге чыгаруу чечимин кабыл алышты.
Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)
9/15Аймактын Чукул кырдаалдар кызматы эки ири дарыянын жээгинде 900дөн ашуун үй-бүлө жашарын билдирди.
Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)
10/15Актөбө акимиатынын билдиришинче бир сутка ичинде суу сактагычтагы суунун көлөмү 150 миллион метр кубга жеткен.
Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)
11/15Жума күнү кечинде элди эвакуация кылуу иши башталган. Жашоочулардын көбү мектепке жайгаштырылган.
Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)
12/15Суу Актөбө аэропортунун учуу-конуу тилкесин каптап калган.
Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)
13/15Эки күн ичинде Актөбөдө 73 үйдү суу каптаган. Оор кырдаал Актөбө облусунун бардык аймагында сакталып турат. Айрыкча Кобдин районунда абал оор, суу 100дөн ашуун үйдү каптаган.
Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)
14/15Кырсыктын кесепетин жоюу үчүн ӨКМ жана аскер кызматкерлери тартылган.
Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)
15/15Премьер-министр Олжас Бектенов даярдык формалдуу болгонун моюнга алды. Жыл сайын жазында Казакстандын түндүк, чыгыш, батыш аймактарын жана борборун суу каптайт.
Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)
Артка
Алдыга
Суу каптаган айрым конуштардын жашоочулары жергиликтүү бийликти «селге даярданган эмес, карды убагында тазалабаган» деп айыпташты. Эриген кар үйлөрдү жана чарбалык курулуштарды каптап, көпүрөлөрдү, дамбаларды бузуп, жолдорду жууп кеткен.
"Казакстанда суу аз деп айтып, жазында суу ташкынынан кыйналабыз. Башкача айтканда, биз сууну башкарууну жана аны үнөмдөөнү үйрөнө алган жокпуз", - дейт айыл чарба боюнча эксперт Кирилл Павлов “Азаттыктын” казак кызматына.
Анын пикиринде, жыл сайын суу ташкындарынан кийин миллиарддаган доллар бөлүнгөнүнө карабастан, алар көйгөйдү чечүүгө пайдаланылбай, селдин кесепеттерин жоюуга жумшалат.
Мажилистин депутаты Сергей Пономарев өкмөт менен жергиликтүү бийликти сындады:
"217 калктуу пункт, 86 миңден ашык үй суу каптоо коркунучуна кабылды. Суу каптаган бир үй чоң кырсыкка учурады. Бүгүнкү күндө дээрлик жарым миллион адамдын өмүрүн тобокелге салып жатабыз. Буга биринчи кезекте, дайыма даяр жана жакшы абалда турууга тийиш болгон гидротехникалык курулмалардын системасын түзүү жана күтүү боюнча системалуу даярдык иштеринин жоктугу себепкер. Алардын тармагы тынымсыз мониторингди, тейлөөнү, оңдоону жана, эң негизгиси, жаңылоону талап кылат".
"Азаттыктын" казак редакциясынын кабарларынын негизинде даярдалган.