"Согуш болбосун", "Кечирбейбиз". Москва Навальный менен коштошту
Москвада түрмөдө каза болгон орусиялык активист Алексей Навальный акыркы сапарга узатылды. Орус бийлиги анын сөөгүн үй-бүлөсүнө дароо өткөрүп берген эмес.

21
Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная социалдык баракчасына күйөөсүнө арнап, "26 жыл бакыт тартуулаганы үчүн" ыраазычылык билдирди.

22
Алексейдин (солдо) жана Юлиянын (оңдо) апалары.

23
Навальныйдын мүрзөсүнө гүл койгондордун аягы суюла элек.

24
Саясатчы менен коштошуу 22 саатка созулду. Айрым адамдар төрт саатка чейин кезек күтүштү.

25
Бул күнү Орусиянын бир катар шаарларында Алексей Навальныйды эскерген жүздөн ашуун адам кармалды.