Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:15

Одесса: Орусиянын дрону көп кабаттуу үйгө тийип, он киши каза тапты


Одесса. 3-март, 2024-жыл
Одесса. 3-март, 2024-жыл

Одессада орусиялык "Шахед" дрону көп кабаттуу үйгө тийип, каза болгондор онго жетти.

Бул тууралуу Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.

Буга чейин куткаруучулар уранды алдынан үч айлык баланын сөөгүн тапканын Одесса администрациясынын башчысы Олег Кипер жана ички иштер министри Игорь Клименко маалымдаган.

Курмандыктардын үчөө балдар. Куткаруу иштери уланууда.

Дрон тийген тогуз кабаттуу үйдүн бир ыптасы дээрлик талкаланган. Шаар мэриясы билдиргендей, 18 батир талкаланды, дагы жети батирге зыян келтирилди.

"Орус армиясы Одессадагы турак жайды билип туруп бутага алды, анын жанында эч кандай аскердик объектилер болгон эмес", – деп билдирди украин башкы прокурору Андрей Костин.

"Бул жөн гана аткылоо эмес, террорго жана украиндерди жок кылууга багытталган саясат. Турак жайга чабуул болду", – деп жазды анын сөзүн "РБК-Украина".

Украинанын президенти Владимир Зеленский Одессадагы чабуул тууралуу комментарий берип жатып, карапайым калкты коргоо үчүн өнөктөштөрдөн абадан коргонуучу каражат көбүрөөк керек экенин айтты.

Украинанын Коргоо күчтөрү билдиргендей, 2-мартка караган түнү орус армиясы Одесса облусун "Шахед" үлгүсүндөгү сегиз дрон менен аткылады.

Анын жетөө атып түшүрүлдү. Орусия чабуулдарга комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG