Талибдер менен кызматташууга экономикалык кызыкчылыктар түртөт
Ооганстан борборазиялык үч коңшусуна электр энергиясы үчүн карызынан кутулду. Муну менен катар энергия менен камсыздоо жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. “Америка авазы” (VOA) жарыялаган макалада Акмал Дави бул кадамдарды талибдер өкмөтү экономиканы турукташтыруу аракетин көргөнүнөн кабар берет деп чечмелейт.
Анын маалыматына караганда, деңизден алыс орун алган Ооганстан электр энергиясынын 70 пайыздан ашыгын Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан, кайсы бир бөлүгүн Ирандан алат.
Быйыл тажик бийлиги Ооганстанга 1,9 млрд киловатт-саат электр энергиясын экспорттой турганын билдирди. Бул - былтыркыдан 17% көп.
Былтыр декабрда Ооганстан сөз болгон үч өлкө менен электр энергиясын алуу келишимдерин жаңыртты.
Макалада 2021-жылдын августунда мурдагы өкмөт кулагандан кийин Ооганстан электр энергиясы үчүн акыны өз убагында төлөй албай калганы баяндалат. Анын арты менен кээ бир өлкөлөр энергия менен камсыз кылууну токтотот деген коркунуч жаралган.
Банк жана экономика тармактары санкцияларга туш болгон талибдердин бийлиги дээрлик бир жыл бою карыздарын өз убагында төлөө аракетин көрүп келди.
Акмал Дави андан ары жогоруда айтылган борборазиялык коңшулар “Талибан” кыймылынын өкмөтүн расмий тааныбаганын, Кабул менен кызматташууга экономикалык кызыкчылыктар түрткөнүн белгилейт.
Түркмөнстан Ооганстан менен активдүү соода жүргүзүүнү колдосо, тажик бийлиги талибдерге каршы чыккан козголоңчуларга баш паанек берген, президент Рахмон ал жакта инклюзивдүү өкмөт түзүүгө чакырып келатат.
Журналист өлкөнүн экономикалык оор абалына токтолуп, бюджеттин жарымынан көбүн жаап келген донорлор жардамын кыскартып, санкцияларды салганын, чет жактардагы 9 млрд доллар каражатын тондуруп койгонун жазат.
Ошол эле маалда Дүйнөлүк банк маалымдагандай, ооган улуттук валютасы туруктуу бойдон калууда, 2023-жылы ички киреше 2 млрд долларга, экспорт 1,9 млрд долларга жетти. Бирок гуманитардык уюмдар талибдер бийликке кайтып келгенден бери ансыз да кедей өлкөдө жумушсуздук, жакырчылык өскөнүн билдирип жатышат.
Түркмөн бийлиги "жашырган ооруну өлүм ашкерелейт"
Eurasianet сайты 15-февралда Түркмөнстанга арналган апталык бюллетенинде ал өлкөнүн саламаттык сактоо системасына кайрылды. Башында автор COVID-19 пандемиясы учурунда түркмөн бийлиги Түркмөнстанда коронавируска кабылгандар жок деп кайталап келгенин эске салат. Мындан улам жетекчилер калктын ден соолугунун абалын чагылдырган реалдуу кырдаалды ачыкка чыгарат деп күтпөй эле койсо болот деген тыянак жасайт. Айткандай эле, кышкы сасык тумоо эпидемиясы жөнүндө маалыматтар көз карандысыз маалымат каражаттарында гана чыкты.
7-февралда Венада жайгашкан “Түркмөнстан хроникасы” басылмасы атын атагысы келбеген булактарга таянып, декабрь-январь айларында сасык тумоо эпидемиясы туу чокусуна жетип турган кезде 33 бала чарчап калганын жазды. Маалыматка ылайык, каза болгон балдардын көбү жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ооруларынан жапа чегип жүргөн, “тумоологондордун көбү 5-7 жаштагы наристелер болчу». Эпидемия күчөп турганда ооруканаларда керебеттер жетпей, облустардан келген бейтаптарды шаардык ооруканаларга албай койгон учурлар көп катталган. Дары-дармек тартыш болгондуктан, Өзбекстандан алып келүүгө туура келген.
Үй шартында өздөрү билгендей дарылангандар көп болуп, сасык тумоо ого бетер жайылганы айтылат.
Буга чейин, өткөн ноябрда кызамык күчөгөнү кабарланган. Андан тышкары кыздардын “тазалыгын” текшерген өнөктүк жүргөн.
Түркмөн бийлиги калктын медициналык тейлөөсүн жакшыртууга ири каражат сарптаганын айтып келет. Былтыр күзүндө эки оорукана ремонттолуп, Түркмөнбашы шаарында жаңы оорукана ачылды. Макалада айтылгандай, маал-маалы менен жаңы медициналык мекемелер курулганы менен, ал жактарда көргөзүлгөн кызматтын сапатын текшерүү мүмкүн эмес.
127 миң тонна зыяндуу газ айлана-чөйрөгө тараган
Би-Би-Си өткөн жылы Казакстандын алыскы кенинде скважинадан 127 миң тонна метан абага чыгып кеткенин жаңы анализге таянып жазды. Маалыматка караганда, газ жайылганда тутанган өрт алты айдан кийин гана өчүрүлгөн. Кабарчылар абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу жагынан көмүр кычкыл газынан да күчтүү мынча метан буга чейин бир да жерде сыртка акпаганын белгилешет.
Эсептерге ылайык, бензин менен иштеген 717 миң машина жылына айлана-чөйрөгө ушундай эле зыян алып келет.
Макалада айтылгандай, метан 2023-жылы 9-июнда Маңгыстау облусунда чалгын иштери жүрүп жатканда сыртка чыга баштаган. Аны биринчи болуп франциялык Kayrros деген геоаналитикалык компания изилдеп, кийин Европадагы эки университет тастыктады.
Окумуштуулар спутниктен тартылган сүрөттөрдү изилдеп чыгып, июндан декабрга чейин метандын ири концентрациясы 115 жолу байкалганын аныкташты.
Валенсиядагы Политехникалык институттун кызматкери Луис Гуантердин пикиринде, буга «Түндүк агым» куурундагы диверсия алып келген болушу мүмкүн.
Маңгыстау облусунун Экология департаменти 9-июндан 21-сентябрга чейин метандын абадагы концентрациясы нормадан 10 эсеге ашканын бышыктаган. Билдирүүдө айтылгандай, газ жайылып кеткен алгачкы бир нече саатта анын деңгээли уруксат берилгенден 50 эсе ашкан экен.
Бирок кенге ээлик кылган “Бузачи Нефть” компаниясы мынча көлөмдөгү метандын абага бөлүнүп чыкканын четке кагууда.
Макалада белгиленгендей, былтыр климат боюнча COP28 саммитинде Казакстан метандын абага бөлүнүп чыгуусун азайтуу келишимине кошулган.