Мындан 20 жыл мурун Капаровдун эки наристеси дайынсыз жоголуп, бул кабар бүтүндөй кыргыз коомчулугун нес кылган. Кийин эки баланын дайыны табылган эмес. "Азаттык" обончунун мукам кайрыктары менен муңдуу тагдыры тууралуу кеп кылат.
Муң каткан көздөр
Обончу Бакыт Капаровду 2012-2013-жылдары тааныдым. Ошол учурда ыр жазууга кызыккан борбордогу студенттер Улуттук жазуучулар союзунун алдындагы “Жаңы толкун” адабий ийримине жума сайын чогулчу элек. Бир күнү акын Нурлан Калыбеков ийримдеги топ жаштарга колуна аккордеонун кармап алган, көгүш көздөрүндө муң каткан бир адамды атайын тааныштырганга алып келиптир.
- Бул агаңар Бакыт Капаров деген чоң ырчы, жакшы обончу. Кайрыктарынан угуп алгыла, - деди.
Маңдайы жарык тиги киши көп сүйлөп отурбай, бир жарк этип жылмайды да, аккордеонун ийнине аса калып:
- Кана эмесе, кайсы ырды уккуңар келет? - деди. Тартынбаган мен:
- Асанкалыйдын "Ак булуттарын" ырдап бериңизчи, - дедим. Калемдештерим да колдоп жиберишти.
Бакыт ага дароо эле:
- Ай-иий, дароо оор ырды сурандыңар го, - деп күлүп жиберди да, бирок сунушубузду четке какпай, жаштардын шагын сындыргысы келбей, коңур үнү менен "Ак булуттарды" ырдап берди. Омор акын менен Асанкалыйдай эки зор таланттын эмгегинен жаралган бул айтылуу муңдуу ырдын диапазону бийик болгондуктан, адатта көп эле ырчылардын үнү жетпейт эмеспи. Ошондуктан аны анда-санда гана аккордеондо катыра ырдаган кашкөй ырчылардан эле угуп жүрөбүз. Бирок Бакыт Капаров чынында "Ак булуттарды" мыкты аткарган. Ансыз да кан-жаңыңды аралап кетчү кайрыктарына өзүнүн да кандайдыр бир жеке өкүнүчүн кошул-ташыл кылып кошуп ырдагандай сезилген мага. Бирок биз ошол күнү тааныган обончунун башына түшкөн оор сыноону аргасыз көтөрүп жүргөнүн кайдан билиптирбиз.
Бакыт ага менен кийин адабий кечелерде, майрамдык салттанаттарда бир топ жолугуп, ал-абал сурашып, иш-чараларга өзүбүз да чакырып жүрдүк. Аны жакындан тааныгандан кийин гана айрым замандаштарынан армандуу тагдыры, өчпөс өкүтү тууралуу кулагым чалган. Бирок өз оозунан сураганга кантип ооз барсын…
Эки уулун жоготкон оор тагдыры
2004-жылы Бакыт Капаровдун үйүн кара булут чулгап, чакалайдын чак түшүндө ойноп жаткан жеринен 8 жаштагы Иманбек, 6 жаштагы Исманбек деген эки уулу жоголуп кетет. Бул убакта өзү Астанага жаңы эле иштегенге кетип, жубайы базарга кеткен экен. Эки бир туугандын дайынсыз жоголушу ошол жылдары бүтүндөй кыргызстандыктарды нес кылат. Бармактай чүрпөлөрүнүн сүрөтүн көтөрүп алып, ата-эненин барбаган жери, кайрылбаган массалык маалымат каражаттары калбаптыр. Айла кеткенде орусиялык “Мени күт” (Жди меня) көрсөтүүсүнө чейин барышкан экен. Бирок балдардын изи кумга сиңген суудай табылбайт.
Тааныштарынын айтымында, Бакыт ага далай жылдар өз алдынча издеп, из кубарларга да акчасын чачат. Андан да майнап чыкпайт. Акыры обончу өмүрү өткөнчө ичтен сыздап, үлбүрөгөн үмүтүн өчүрбөй, кайгысын муңдуу кайрыкка салып, өзүн музыка менен алаксытып жашап өттү окшобойбу.
"Оор кайгыны көтөрүп, өзүн жоготподу"
Капаров менен Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда 1992-жылдары бирге окуган Марлис Букуев обончу уулдарын өмүр бою күткөнүн айтат:
“Бакыт аганын жашы менден улуу эле. Окуу жайдын вокалдык бөлүмүндө Жайлообек Жалгасынов (Эл артисти Дарика Жалгасынованын жолдошу) агайдын колунда бирге окуганбыз. Ошондо эле анын үнү калыптанып калган мыкты тенор эле. Окуу жайды жакшы аяктады. Андан үмүтүм зор болчу. Бирок эгемендиктин алгачкы жылдары каатчылык болуп баарбыз кыйналдык го. Көп таланттар базарга иштеп кетти. Ал да көпкө чейин жоголуп кетти. Бир топ жыл көрүшпөй деле калдык. Бирок бир күнү эле Бакыт Капаров телеге чыгып, эки уулунун жоголгону тууралуу кабар Кыргызстанда дүң болуп кетти. Эки эркек уулун чак түшүндө уурдатып жиберип, барбаган жери, какпаган эшиги, сурабаган жардамы калган жок. Аябай кейиштүү иш болгон. Бирок ал ошол оор кайгыны көтөрүп, өзүн жоготпой кармады. Бул окуядан бир топ жыл өткөндөн кийин Бакыт байкеге жолугуп калдым. Өткөн-кеткен күндөрүбүздү сүйлөшүп баратып капыстан ошол эки баласын эскерип калдык. Ошондо ал мени муңайым карап: “Мен аларды ушул кезге чейин күтүп жатам. Чоңоюп деле калышты, жол таап келип калышар” деди. Демек, ал жоголгон балдарын көзү өткөнчө күттү. Кандай гана оор тагдыр, аттиң. Анан өзүмчө калганда анын ордуна өзүмдү коюп көрүп, унаада шолоктоп ыйладым. Ушунча жыл өтсө да үмүттө күтүп жатканы, ошондогу сөздөрү өмүр бою эсимден кеткис болуп калды. Бакыт Капаров 1990-жылдардын кийинки каатчылык мезгил болбогондо, ошол армандуу тагдыры болбогондо балким өзүн дагы өнүктүрүп, чоң атактуу талант болот эле”.
Чогуу окуган Марлис Букуевдин айтымында, балдар жоголду деген кабар обончу Астанага барганына үч гана күн болгондо жеткен экен.
“Экөөбүз жолугуп сүйлөшкөн жылдары жоголгон балдары жаңылбасам 16-17ге чыгып калган болушу мүмкүн эле. Эми ал балдардын тагдыры таптакыр белгисиз бойдон калды. Изи да табылган жок жадагалса. Кийин келинчеги төрөп берген башка да уул-кыздары бар. Ошол, акыркы жолу жолукканда мектепте жана бала бакчада музыкадан мугалим болуп иштеп жатам деген”.
Бакыт Капаров кийин 2005-жылы жана 2012-жылы эки уулдуу, ал эми 2011-жылы кыздуу болгон.
“Изденген обончу эле”
Бакыт Капаровду соңку учурларда эле борбордогу адабий кечелердин биринен көрүп, амандашкам. Ал дегеле акындар менен бекем чыгармачыл алакада болуп, обондоруна ылайык текст кубалаган, жакшы текст окуса обон издеген жакшы окурман да эле. Эл акыны Бактыгүл Чотурова аны эмгекчил обончу эле деп эскерди:
“Бакытты кантип эскереримди билбей жүрөгүм ооруп турат. Биз да чыгармачылык аркылуу таанышканбыз. Ал тарбиялуу, кимге болбосун жакшылык гана кылгысы келип турган мүнөзү бар бала эле. Менин “Аппак кар”, “Замандашым” , “Сагынып эстедим”, “Жазы бол бактылуунун” деген ырларыма обон жазды. Жолукканда кубантып аккордеону менен ырдап берип калчу. Чыгармачылыкта абдан изденген, сөз менен иштеген обончу эле. Кээ бир обончулар акындарга буюртма берсе, ал өзү китептерди окуп текст издечү. Ыр сураса “ыр сенден айлансын, айланайын, ырдай бер” дечү элем. Өлүмү армандуу болду. Эми мына чыгармачылыгы гүлдөп, иштей турган учурда, жигитчиликтин доорун сүрүп турган чакта өмүрдөн кетип калды. Кийинки балдары мектеп жашында болсо керек, аттиң. Аларга, келинчегине аманчылык, кайрат тилейм”.
Маркум Капаров соңку кездери Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде сырттан окуп жаткан. Замандаштарынын айтымында, анын алдыда жаркын максаттары арбын эле.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу Майрамбек Осмонов курбалдашын эскерип, эми анын эл ичинде обологон обондору экинчи өмүрү катары жашай берет дейт:
“Бакыт Капаров менин теңтушум, замандашым эле, жолукканда амандашым эле. Бири-бирибизди дайыма дос деп айткандан жаңылбадык. Кыргызга кызмат кылып, өнөр деген бир кемеде жүрдүк. Жадагалса бир окуу жайда да бирге сырттан окуп жатканбыз. Жакында эле жолугушуп, ачык сабак өткөндө ошончо адамдын арасынан Бакыт көзүмө урунуп, “ачык сабак тууралуу оюңду айтып койчу” деп, ал чыгып сөз сүйлөдү эле. Көрсө коштошконубуз ошол окшойт. Ошончо элдин арасынан жакын экенимди билген экенмин. Башка элди айта албайм, бирок биз кыргыздар адам өсүп-өнүп жатканда көрмөксөн болуп, өлүп кеткенден кийин мактаган эл экенбиз. Өзүмө-өзүм азыр да суроо берип отурам. Неге тирүүбүздө жакыныбызга бир куюм чай сунуп, маанай тартуулап, тирүүлүктүн кадырына жете албайбыз. Дайыма бир жакшы адам өтүп кеткенде ушул ой эске келет да кайра эле көр оокат менен алаксып жүрүп унутулат. Көрсө, инсан унутчаак турбайбы. Бакыттын эми экинчи өмүрү жашайт. Кандай сонун чыгармаларды жаратты. Башка чыгармачыл адамдардан айырмаланып жөнөкөй, кичипейил киши эле. Аны ушул жакшы сапаттары барктуу кылып турчу”.
“Балдарга жакын эле”
Бакыт Капаров өз өнөрүн жаш муунга үйрөтүп, борбордогу №83 мектепте жана шаардык бала бакчалардын биринде иштеп жаткан экен. Акын Гүлзина Мыйзанбекова обончу анын кызына да музыка дүйнөсүнө багыт көрсөтүп, алгачкы устаты болгонун айтып отурду:
“Агай 2017-2018-жылдары менин “Кечки шаар” деген ырыма обон чыгарган. Ошондон кийин үй-бүлөбүз менен катышта болуп, туугандардай жакын катышта болдук. Чыгармачыл кечелерибизди калтырбай, колдоп келип турду. Биздин кыздарыбыз азыр Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окуйт. Алар мектепте бара электе да музыкалык жөндөмүн дагы да мыктылайлы деп Бакыт агайга окутуп жаттык. Ал жакшы сөздөрү менен бизди шыктандырып, кызыбызды окутту. Күндө жумуштан чыкканда жолдошум кызымды агайдын үйүнө алпарып жүрдү. Ал өзгөчө талантка эле ээ эмес, адамдык мыкты сапаттарга да бай эле. Мектепте, бала бакчада да иштеп жүрдү. Кээде жумушу тууралуу сүйлөшкөндө “Балдардын дүйнөсү баёо, мен аларга кошулуп балдардай жашагым келет. Ар бир баланын көзүнөн тазалыкты көрүп турам” дечү. Ал балдардын кылык жоругуна эзилип, аларга агайдай эмес, атадай мээрим төкчү. Ал наристе сүйлөгөнгө чейин эле музыкага түшүнөт, алардын жашоосунда музыканын орду чоң деп айтаар эле”.
Бакыт Капаров 1968-жылы Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылында төрөлгөн. 1994-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын вокал бөлүмүн аяктаган. Обончу "Жубайыма", "Төк жамгыр", "Тоң мекеним" баш болгон 50дөн ашык чыгарма жараткан.