Анткен менен айрым саясат талдоочулар катардагы эл арасында кадыр-барк күткөн кол башчы бары бир кызматынан алынарын айтышат. Бирок орус аскерлерине туруштук берип, алга жылуу үчүн биринчи кезекте армияны ресурстар менен камсыздоо зарыл.
Залужныйдын "отставкасынын" айланасындагы жагдайлар
Украинанын аскердик жана саясий жетекчилиги ортосундагы тиреш туу чокусуна жетип, Владимир Зеленский Валерий Залужныйды кызматтан алыптыр деген кабар заматта тарап, дүйшөмбүнүн кечинде чет өлкөлүк жана жергиликтүү маалымат каражаттары, социалдык тармактар, саясатчылар менен журналисттер түрдүү түкшүмөлдөр менен бөлүшүп жатышты.
Британиялык The Times гезити 30-январда жазганына караганда, украин президенти Залужныйды кызматтан алган, бирок армиянын жогорку жетекчилери менен чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн кысымы астында чечимин кайра карап чыгууга аргасыз болду.
Басылма украиналык жогорку аткаминерлерге шилтеме менен кабарлагандай, генерал Зеленский менен бетме-бет жолугушууда президенттин кеңешчилерине алардын фронттогу кырдаалга берген баасы өтө позитивдүү, реалдуулуктан алыс экенин айткан. Мамлекет башчы Залужныйды отставкага кетүү арызын жазууну сунуш кылган, бирок ал көнбөй койгондо буйрукка кол коерун билдирген.
Ал эми The New York Times гезити украин жетекчилигинде иштеген мурдагы кызматкерге таянып, Зеленский башкы командачыны иштен алууну көздөгөнүн, бирок маалымат сыртка чыгып кеткендиктен, кое турууну чечкенин жазды. Украин парламентинин депутаты бул маалыматты бышыктап, генералдын ордуна дароо дайындала турган талапкер жок болгондуктан, чечим ишке ашпай калганын кошумчалады.
Талапкер демекчи, The Economist маалымдагандай, Залужныйдын ордуна жөө аскерлердин командачысы, Александр Сырский, атайын кызматтын башчысы Кирилл Буданов каралган. Басылма 29-январдагы жолугушууда чындап эле президент генералды аны отставкага кетирип жатканынан кабардар кылганын, Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчы кызматын сунуш кылганын, бирок Залужный андан баш тартканын жазды.
Украиналык айрым өкүлдөр, арасында депутат Алексей Гончаренко башкы командачы европалык кайсы бир өлкөгө элчи болууга да көнбөй койгонун билдиришти.
Киевдик саясат таануучу Владимир Фесенко “Настоящее время” телеканалынын эфиринде генералдын айланасындагы соңку окуяны “ийгиликсиз репетиция” деп баалады:
"Бул окуя Алексей Резниковго (мурдагы коргоо министри) байланышкан окуяларды эске салат. Ошондо да анын отставкасы жөнүндө айтылып, маалыматтар ачыкка чыгып кеткен учурлар болгон. Бирок акыр-аягында министр иштен кетирилген. Зеленский менен Залужныйдын мамилелеринен баамдасак, генералдын отставкасы боло турган иш. Ал убакытка жана жагдайларга жараша болмокчу. Бирок саясий көз караштан алганда, Залужныйды кызматтан алуу президенттин кызыкчылыгына төп келбейт, өзүнө эле көп маселелерди жаратат жана саясий кесепеттерге алып келет. Менимче, бул жерде психологиялык маселеге күбө болуудабыз. Сыягы, барган сайын эки жетекчи өз ара иштеше албай жатат".
Генералдын кызматтан кетирилгени тууралуу уу-дуу кептер тез тарап кеткендиктен президенттин кеңсеси маалыматты төгүнгө чыгарган расмий билдирүү жасоого аргасыз болду.
Пикир келишпестиктер, "саясий кызгануу"
Зеленский менен Залужныйдын ортосунда тиреш же, тагырагы пикир келишпестиктер бар экени жашыруун деле эмес. Президенттин администрациясы менен генералдын ортосун "кара мышык" аралаганын, мамиледердеги чыңалууну былтыр эле жергиликтүү да, чет өлкөлүк да медиа байма-бай чагылдырып келди.
Алсак, Залужныйдын былтыр ноябрда Economist журналына курган маеги администрациянын сынына кабылган. Генерал ошондо Орусия менен согуш "туңгуюкка кептелгенин", чабуулдар позициялык согушка айланып, узак жылдарга созулуу коркунучу бар экенин, мындай абал Москвага гана пайда алып келерин айткан. Мындай билдирүү президенттин фронттогу абалга берген баасына карама-каршы келген. Зеленский ошондон кийин командачынын сөзүн четке каккан.
Украиналык айрым маалымат каражаттары генерал башкы командачылыктагы кээ бир кадр алмаштыруулар ага айтылбай жасалганына тынчсызданганын жазышкан.
Жакында армияны толуктоо же мобилизация планын аткарууга жарандык же аскердик жетекчилик жооп бериш керекпи деген маселеде да Зеленский менен Залужныйдын көз караштары эки башка болуп чыкты.
Мындан тышкары былтыр жыл этегинде, 18-декабрда Киевдеги эл аралык социология институту жарыялаган сурамжылоого ылайык, респонденттердин көбү президентке караганда Залужныйга көбүрөөк ишенерин айткан. Зеленскийге изилдөөгө тартылгандардын 62% ишеним артса, 18% ага ишеним билдирген эмес. Башкы командачыга суралгандардын 88% ишенерин айтты. 55% экөөнө тең ишенет.
“РБК Украина” жазгандай, андан мурдагы жылы мамлекет башчыга ишенгендердин саны 84% болчу.
The Times жогоруда айтылган макаласында генералга жакын адамдардын биринин сөздөрүн келтирет: “Зеленский армия Залужныйга ишенерин түшүнүшү керек, президент армия ага ишеним артсын десе, ал дагы Залужныйга ишенүүнү үйрөнүшү керек”.
Атын атабаган булактын айтымында, президентке жакын кеңешчилердин айынан ал фронттогу чыныгы кырдаалды көрө албай жатат.
Саясат талдоочу Фесенконун пикиринде, Зеленскийдин акыркы айлардагы мамилесине бир нече фактор таасир этүүдө:
“Биринчиси жана эң маанилүүсү фронттогу көнүл жубатарлык эмес абал. Позитивдүү сценарийдин жоктугу да нааразылыкты пайда кылууда. Албетте, көптөрүндөй эле Зеленский дагы кеп башкы командачыга эмес, армияны камсыздоого барып такаларын түшүнүп турат деп ойлойм. Ошол нааразычылыктын чордонунда башкы командачынын фигурасы болуп келатат көрүнөт. Аскердик иштерден тышкары Залужныйдын медиадагы, тагыраагы социалдык тармактардагы активдүүлүгү да өз ролун ойноду окшойт. Андай активдүүлүк кээ бир учурда президенттин кеңсеси менен координацияланбайт. Генералдын айланасындагы айрым адамдар анын саясий келечегин да кызуу талкуулап жатканы тууралуу маалыматтар жок эмес. Бул дагы президенттин администрациясынын кыжырын келтирген, саясий кызганууга жем таштаган жагдайлардын бири”.
The Тew York Times өз кезегинде оппозициялык саясатчы, мурдагы президент Петро Порошенко Залужныйдын отставкасы тууралуу айың кептерге тез реакциясын билдиргенин белгилейт. Саясатчы президенттин андай чечимине “аскердик же стратегиялык жүйөлөр алып келбегенин” айтуу менен, “эмоциялар менен кызганычка негизделгенин” кошумчалады.
Гезит ошондой эле бир да тарап ортодогу пикир келишпестиктерди төгүндөө аракеттерин көрбөгөнүнө көңүл бурат. Президент менен генерал чогуу сүрөткө түшүп, иш-чараларды уюштурганы менен, өлкөнүн “эң таасирдүү эки лидери элге биргелешип бир да олуттуу кайрылуу жасаган эмес”, - деп белгилейт америкалык басылма.
31-январда Москва Залужныйдын ишке ашпай калган отставкасын комментарийледи. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ал окуя контрчабуулдан майнап чыкпагандан кийин Киев чоң проблемаларга туш болгонун айгинелерин билдирди.
"АКШнын жардамысыз калганын Киев жаз айларында сезет"
Жогорку жетекчиликтеги мындай башаламандык согуш талаасында Украина үчүн кооптуу абал түзүлгөн маалда болуп отурат. Орусия майданда чабуулдарын күчөтүп, шаар-кыштактарды ракета, дрондор менен тынымсыз бутага алып келатат.
30-январда Зеленский жыл башынан бери Украинага 330дөн ашуун ракета атылганын, 600дөй учкучсуз учак учурулганы билдирди.
Ошол күнү 35 сокку урулганы, Украинанын энергетикалык жана аскердик инфрастуктурасы бутага алынганы кабарланган. Абадан коргонуу күчтөрү 15 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Ал арада 31-январда Bloomberg агенттиги Батыштагы дипломаттарга шилтеме менен Украинанын армиясы артиллериялык дүрмөттөргө жана ракеталарга муктаж болуп атканын кабарлады. Дипломаттардын айтымында, өндүрүш кечеңдегендиктен европалык өнөктөштөр 1-мартка карай 600 миң ок-дары гана бере алат. Анын үстүнө Батыш мамлекеттери өздөрүнүн запастары азаят деп чочулашат.
Ок-дарынын тартыштыгын майдандагы аскерлер жон териси менен сезип жатат. Бахмут багытында согушуп жаткан артиллериялык бригаданын Денис аттуу жоокери “Настоящее время” телеканалынын кабарчысына айтып бергендей, снаряддар көбүрөк болсо, жөө аскерлер да, артиллерия да алга жыла алмак.
"Майдан сызыгынын бир аз жылышы үчүн бизге дурмөттөр, заряддар, техника, адамдар керек. Же болбосо бир жерде тура беребиз. Душман ресурстарыбыз жок экенин түшүнгөндө, басымын күчөтөт. Азыр күнүнө 5-10-20 дурмөт гана атып жатабыз, ок-дары тартыш. Көптөн бери мындай боло элек эле".
Бул маселе 1-февралда Еврошаркеттин саммиттинде каралмакчы. Бирок Bloomberg белгилегендей, Киевди бир миллион дүрмөт менен камсыздоо максатына жетүү реалдуу эмес.
Украинага алдыдагы төрт жылга 50 миллирд евро жардам бөлүү сунушуна Венгрия вето койгон. Маалыматтарга караганда, ушул тапта Будапешттин колдоосун албастан жардам берүү жолдору каралууда.
Анын алдында, 29-январда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Конгрессте сүйлөгөндө Вашингтондун финансылык колдоосу уланбаса, Украинанын согуштагы ийгиликтери коркунучка туш болорун белгилеген.
"Украинанын мындан ары да ийгиликке жетүүсүн кепилдөө, Орусиянын стратегиялык утулушка учурашы үчүн Конгресс президент сунуш кылган кошумча бюджетти жактырууга тийиш. Бул өтө маанилүү. Ансыз украиналыктар буга чейин жараткан ийгиликтер, биздин жардамыбыз менен ишке ашкан жетишкендиктер коркунучка кабылат".
Кошмо Штаттар бир нече айдан бери Украинага 61 млрд доллар бөлүү маселесинде мунаса таба албай келатат. Конгресстеги республикачылар адегенде Мексика менен чек араны бекемдөөнү талап кылышууда.
Батыш дипломаттары Вашингтон көмөктөшпөсө, Киев анын кесепетин жаз айларына барып сезерин эскертишет.
Шаршембиде Германия Украинага жардамдын жаңы пакетин берери белгилүү болду. Немис өкмөтүнүн сайтындагы маалыматка ылайык, пакетке бронетранспорт, танктар, абадан коргонуу системасы үчүн дүрмөттөр жана башка каруу-жарак кирди.