Камактагылардын туугандары, медиа коомчулук жана айрым талдоочулар мындай мазмундагы билдирүүнү айыптап жатат.
Эдил Байсалов "Азаттыктын" студиясындагы талкууда журналисттердин камалышын аларды ириде "тарбиялоо максаты" менен байланыштырды. Азыркы бийликтин аларды "түрмөдө чиритүү ниети жок" деп билдирди.
"Биздин жаш балдар, алар, албетте, душман эмес. Албетте, жаңылышкан. Алар "бала баладай, башы-көзү чарадай". Алардын эч кандай чыккынчылык, эч кандай маселеси жок. Аларды деле президентибиз болобу, органдарыбыз болобу, соттор болобу, түрмөгө чиритейин деген деле ою жок. Бул тарбиялык маселе. Аталык, агалык милдет бул - тарбия. Үй-бүлө башчы болобу, үй кожоюуну болобу, тартипке салып коюш керек. Тартиптүү эл кул болбойт. Ошондуктан тартип болушу керек. Бул камоо эмес, бул бардыгын ишке тартуу", - деген Байсалов.
Өкмөт өкүлүнүн мындай билдирүүсү коомчулукта талкуу жаратты. Камалган журналисттердин бири Актилек Капаровдун апасы Кундузбү Маматова Байсаловдун айткандарын "орунсуз сөз" деп белгиледи.
"Тарбиялап койгудай биздин балдар көчөгө чыгып, ураалап бейбаштык иш кылган жок. Экинчиден, баары жөнөкөй карапайым элдин балдары. Мекенин сүйгөн, кесибин сүйгөн тартиптүү, билимдүү балдар. Мекени менен мыйзамды ата-энесинен дагы, өзүнөн дагы бийик, жогору койгон балдар. Балам коркок болсо, дүйнөгө, акчага кызыккан болсо колунда барлардын камчысын чаап, ошолорду мактап-жактап жүрмөк. Мамлекетти тоноп аткандарды ачык айтканы үчүн гана ушундай болуп калышты. Тарбиялайбыз дегенинин өзү кызыктай эле болуп калыптыр".
Милиция 16-январда “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 өкүлүн кармап кеткен. Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 13-мартка чейин камалган. Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген. Камакка алынган журналисттер дооматтарды четке кагып келет.
Талдоочу Орозбек Молдалиев Байсаловдун айткандарына комментарий берип жатып, мыйзамдуулукка, сөз эркиндигине байланыштуу маселелерге токтолду. Ал соңку билдирүү бир катар суроолорду жаратканын белгиледи.
"Мамлекет мыйзам менен тарбиялаш керек, мыйзамдуулукка көндүрүш керек. Бул жерде мыйзамдуулук барбы, сөз эркиндиги бузулган жокпу деген маселе туруп жатпайбы. Кимди кандайча тарбиялап жатат деген дагы суроо чыгат. Мунун кайсы жери тарбия? Мыйзамдуулукка тарбиялап жатабы, же мыйзамсыздыккабы деген суроо туруп калат. Тарбиялагысы келген киши камакка албай деле тарбияласа болот. Чакырып алып сүйлөшүп, маектешип, диалог аркылуу деле тарбияласа болот. Бизде болсо дароо эле камап жатышпайбы. Эдил Байсалов өзү ишин өкмөттүк эмес уюмдардан баштады, укук коргоо иштерин алдыга жылдырабыз деп аракет кылды, токмок да жеп калды, чет мамлекетке чейин барып келди. Чынында Эдил Байсалов тарбиянын үлгүсүн көрсөтө тургандардын бири. Анан анын "биз буларды камап алып тарбиялап жатабыз" дегени кандай? Анда кандай кылып тарбиялап жатат, эмне кылып тарбиялап жатат, кайсы ыкманы колдонуп атат деген суроолор келип чыгып жатпайбы. Мамлекет сыналган, жакшы натыйжа берген ыкмалар менен тарбияласа болот. Сөз эркиндиги бар деп сыймыктанчу элек, кийинки кезде аны дагы айта албай калдык".
Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттердин кармалышын айыптап, аларды тез арада бошотууга чакырып келет. Медиа эксперт Гүлзада Медералиеванын пикиринде, кабарчыларды ишине байланыштуу камоо "акылга сыйбаган көрүнүш".
"Бул өтө орунсуз нерсе болду. Алар өз ишин жасап келген. Жасаган иликтөөлөрү үчүн кармаганы орунсуз нерсе. Бир кезде өзү оппозиция өкүлү болуп жүргөн Эдил Байсаловдон чынында мен ушу нерсени күткөн эмесмин. Өтө орунсуз, олдоксон нерсе болду. Журналист эмес, өз оюн айткан блогердердин дагы камаганы туура эмес. Журналисттер өз ишин аткарып жатат. Алар иликтөө жургүзүп, фактыларды орду-орду менен коюп берип жатат. Таң атпай үйлөрүнө кирип барып, жеке жашоосуна бүлүк салып камап, опуза кылганы акылга сыйгыс нерсе болду".
Президент Садыр Жапаров камалган журналисттер тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде комментарий берген. Аларды “адискөй эмес” деп сыпаттап, социалдык тармактар аркылуу “ар кандай, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирчү маалыматтарды жарыялап келишкенин” белгилеген. Анда өлкөдө сөз эркиндиги бардыгын, бирок жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу мыйзамдар сакталышы керектигин айткан.
"Биз сапаттуу иликтөөчү журналистиканы колдойбуз. Бирок көп учурда блогерлер “чымындан пил жасаган” фактыларды жайылтуу менен же коомчулукту манипуляция кылып, дүрбөлөңгө салуу менен алек. Алардын материалдары ойдон чыгарылган маалыматтар менен эмес, фактылар менен бекемделиши керек. Биз коомдо көп пикирдүүлүктү колдойбуз, бирок мамлекеттин жок болушуна, тагыраагы, жоопкерчилиги жок сөз эркиндигине каршыбыз. Биздин эркиндигибиз Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргошу керек”, - деген Жапаров.
Былтыр ноябрда Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) жана Укукту өркүндөтүү фонду (Legal Prosperity Foundation - LPF) Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндамасында бийликти сындаган жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер басым-кысымга, куугунтукка кабылып жатканын белгилеген.