Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06

Газа: Израилдин соккусунан 70тей киши набыт болду


Газа тилкесинде дүйшөмбүгө караган түнү жөөт аскерлери анклавдын борбордук бөлүгүндөгү Ал-Магази качкындар лагерине сокку урганда ондогон жайкын тургун набыт болгону кабарланды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСтын согушкерлерин толук жеңмейинче согуш уланарын айтты.

Толук курчоодо калган анклавда гуманитардык кырдаал курч, Улуттар Уюму жарым миллиондой адамды ачарчылык тооруганын билдирди.

Качкындар лагери бутага алынды

ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюму башкарган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин басма сөз катчысы Ашраф ал-Кудра 25-декабрда эртең менен изралдик учактар Газа тилкесиндеги Ал-Магази качкындар лагерине сокку урганда кеминде 70 киши набыт болгонун, ондогон адам уранды астында калганын билдирди.

Лагерде баш калкалагандар уранды астынан тирүү калгандарды куткаруу аракетинде.

"Карапайым калк бутага алынууда. Коопсуз жер жок. Алар бизге "Газадан коопсуз жакка кеткиле" дегенинен , качкындар турган лагерге көчүп келгенбиз. Бирок бул жер да кооптуу", -дейт соккуда үй-бүлөсүнөн айрылган качкын.

Ашраф Аль-Кудра аймакта жашаган тургундардын санынын көптүгүн эске алганда каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн экенин эскертти. Ал-Магазиге жакын Ал-Акса ооруканасы жараат алгандарга толуп калганы кабарланууда.

Израилдин соккусунан каза болгон палестиналыктардын сөөгү. 25-декабрь, 2023-жыл.
Израилдин соккусунан каза болгон палестиналыктардын сөөгү. 25-декабрь, 2023-жыл.

Ал эми Associated Press агенттигинин журналисттери Дейр-ал-Балах шаарындагы ал-Магази качкындар лагеринде нес болгон палестиндер сөөктөрдү ары-бери көтөрүп жүргөнүн көрүшкөн. Жергиликтүү оорукана маалымдагандай, өлгөндөрдүн ичинде кеминде 12 аял, жети бала бар.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгы ишемби күнү да Израилдин соккуларынан кеминде 166 киши набыт болгонун билдирген.

Палестинадагы Кызыл Жарым Ай коому дүйшөмбүдө жарадарларды "Тез жардам" менен ооруканаларга ташып жаткан тасмаларды Х баракчасына жарыялады. Анда Израилдин согуш учактары Газанын негизги жолдорун бомбалап, "Тез жардамдын" өтүшүнө тоскоолдук кылып жатканы айтылат.

Израил армиясынын басма сөз катчысы Эйлон Леви "Рейтерс" агенттигине жөөт аскерлеринин качкындар лагерине жасаган соккусу иликтенип жатканын, Израил армиясы эл аралык мыйзамдарды, анын ичинде карапайым элди коргоо үчүн мүмкүн болгон чараларды көрүп жатканын билдирди.

Биньямин Нетаньяху
Биньямин Нетаньяху

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жөөт армиясы Газанын кварталдарына тереңдеп кирип, хамасчыларга сокку урууну күчөткөнүн жекшембиде айтты.

"Израил жарандары, биз Газа тилкесиндеги согушту тереңдетип жатабыз. Биз ХАМАСтын үстүнөн толук жеңишке жеткенге чейин күрөштү улантабыз. Бул биздин барымтадагыларды кайтаруунун, ХАМАСты жок кылуунун жана Газа тилкесинде мындан ары коркунуч болбошун камсыздоонун жалгыз жолу" деди Нетаньяху.

"Аргасыз кир сууну ичебиз"

Ал эми Бириккен Улуттар Уюму Газа тилкесинде жарым миллиондой адамды ачарчылык тооруганын жарыялаган. Уюмдун эсебинде кийинки жылдын февралына чейин Газанын эки миллиондой калкы ач калышы мүмкүн.

Рафах өткөрмө бекети. 20-ноябрь, 2023-жыл.circumsta
Рафах өткөрмө бекети. 20-ноябрь, 2023-жыл.circumsta

Учурда тилкеге чет жактан келген гуманитардык жардам жетишсиз болууда. Анын үстүнө жардам жүктөлгөн машинелер орто жолдон таланып-тонолуп кеткен учурлар да катталып жатат.

"Кишилер алыстан келип, кезеке турушат, бирок, колго илинер эч нерсе жок. Бул суу жуунганга да жарабайт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул сууда микроб, оорулар бар экенин айтат. Бирок мен аргасыз ушул сууну ичүүгө мажбурмун" , - дейт Жабалия качкындар лагеринин тургуну Абу Лоаи Ал- Бири.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газа боюнча резолюция 9-декабрдан бери улам башка күнгө которулуп, кабыл алынбай келе жатат. Ал күнү резолюцияга вето койгон жалгыз өлкө АКШ болгон.

Уюмдун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын соңку маалыматы боюнча, Израилдин аскердик соккуларынан палестиналык бул анклавдын калкынын жарымы жабыркап жатат.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына кол салганда, 1200 киши набыт болуп, 240 киши барымтага алынган. Эл аралык ортомчулардын көмөгү менен ХАМАС барымтадан 105 туткунду, ал эми Израил түрмөлөрүнөн 210 палестиналыкты бошоткон.

Согуш башталганы толук курчоодо калган анклавда Израилдин соккуларынан 20 миңдей киши набыт болгонун Газанын бийлиги билдирүүдө. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG