Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Садыр Жапаров Баткенде УКМКнын жаңы имаратын ачты


УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын жаңы имараты.
УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын жаңы имараты.

Президент Садыр Жапаров Баткен аймагына болгон жумуш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аталган облустагы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу Президенттик администрация кабарлады.

Чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы "бул жаңы имарат жана коопсуздук кызматкерлери үчүн жакшыртылган шарттар алардын ишинде жаңы жетишкендиктерге жетишүүдө негизги ролду ойной турганы талашсыз экендигин" белгиледи.

Садыр Жапаров 1999-2000-жылдардагы Ооганстандан Өзбек Ислам Кыймылынын согушчандары Баткен облусунун аймагы аркылуу жана Тажикстан аркылуу Өзбекстанга басып кирүүгө аракет кылганын айтты. Ушундай эле окуя 2006-жылы кайталанып, Баткен облусунун аймагына Тажикстандан Эл аралык террордук уюмдун куралдуу согушчандары кирип келишкен. Бул эки окуяда Куралдуу күчтөрдүн антитеррордук атайын операциясынын натыйжасында кылмыштуу топтор жок кылынган.

Президент аталган окуяларда жана 2021-2022-жылдары чек арада катталган куралдуу кагылышууда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн ондогон аскерлери, ошондой эле УКМКнын “Альфа” атайын багытынын кызматкерлери Ата Мекен чегин коргоп жатып, баатырларча курман болушканын эскерип, алардын ишинин маанилүүлүлүгүнө токтолду.

Садыр Жапаров аймактагы сапарынын алкагында 11-декабрда Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жаңы мектептин жана Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын имаратынын ачылышына катышты.

Кыргызстанда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин облустук жана райондук башкармалыктарынын имараттары катар-катар жаңыланып жатат. Алардын көбүн атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев өзү ачып келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG