Чүй облусуна караштуу Сокулук райондук ички иштер бөлүмү 30 жаштагы кызга күч колдонуп, машинанын багажына салып бара жаткан эки жаран кармалганын билдирди. Ага ылайык, милицияга А.А. аттуу жаран кайрылып, аны 16-майда кечки саат 7лер чамасында А.М аттуу жаран шериги менен Манас аэропортуна бараткан жолдо күч колдонуп, колун скотч менен байлап, машинага салып кеткенин айткан.
“Тергөөнүн жүрүшүндө А.А. аттуу жарандын 1999-жылы туулган А.М аттуу жаран менен мамилеси болгону аныкталды. 16-майда ал шериги Р.И менен кызды уурдап кетүү максатында аны үйүнөн салып кетишкен. Жолдо уруш чыгып А.М кызга күч колдонгон, колун скотч менен байлап, машинанын багажына жүктөгөн. Бул окуяга байланыштуу “адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр камалды. Тергөө уланып жатат, тиешелүү экспертизалар дайындалды”,-деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында социалдык тармактарда бул кызды жолдон бейтааныш адамдар куткарып калганы тартылган видеолор тараган эле.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.
Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон.
Шерине