Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:49

Eurovision-2025: Австриянын үчүнчү жеңиши


Йоханнес Пич (сахнадагы аты - JJ)
Йоханнес Пич (сахнадагы аты - JJ)

17-майда Швейцариянын Базел шаарында өткөн Eurovision-2025 ыр сынагында австриялык ырчы JJ жеңишке жетти. Ал "Wasted Love" (Текке кеткен сүйүү) деп аталган, опера стилиндеги бийик ноталар камтылган ыры менен катышты.

24 жаштагы Йоханнес Пич ыр жашоосунан алынганын, жоопсуз сүйүү жөнүндө экенин билдирген. Сахнада океандагы бороон-чапкында эски кайыктын үстүндө тике туруп бараткан, чыдамкай адамдын образында ырдаган артистке калыстар да, көрүүчүлөр да эң көп упай ыйгарды.

Йоханнес Пич Вена шаарындагы опера театрында иштейт жана белгилүү чыгармаларда ролдорду аткарат.

Экинчи орунду израилдик Юваль Рафаэль, үчүнчүнү эстониялык Томми Кэш алды. Букмекерлер жана музыка талдоочулар "жеңүүчү болот" деп божомолдогон швециялык KAJ тобу төртүнчү орунду ээледи.

Шоу-таймашка 37 мамлекеттин ырчылары катышты. Анын 26сы финалда баш байге – Хрусталь микрофон үчүн күч сынашты. Жарым финалдар 13, 15-майда, ал эми финал 17-майда болду.

Букмекерлер "жеңүүчү болот" деп божомолдогон швециялык KAJ тобу.
Букмекерлер "жеңүүчү болот" деп божомолдогон швециялык KAJ тобу.

Талдоочулар сынак музыка, вокал, эмоционалдык жана жандуу шоу менен гана эмес, талаш-тартыш, нааразылык акциялары менен да коштолгонун жазышты. Артисттер жеңиш үчүн жан үрөп даярдык көрүп жаткан кезде коомчулукта алардын айрымдарына каршы нааразылык күчөдү.

Бул жылы да күйөрмандар арасында чоң талаш жараткан себептердин бири Израилдин сынакка катышуусу болду. Конкурс өтүп жаткан калаада Палестин автономиясын жактагандар Израилдин ырчысын сынактан четтетүүнү талап кылган нааразылык акцияларын уюштурушту. Финал күнү Базелде активисттер тобу Израил менен АКШнын желектерин өрттөп жиберишкенин Reuters агенттиги жазды.

Бир жыл мурун Швецияда өткөн сынак дагы ушундай нааразылыктар менен коштолгон. Ал тургай таймаш катышуучулары Газадагы согушту токтотууга чакырышкан. Европа телерадиоберүү биримдиги сынакта саясат жоктугун билдирген.

Быйыл Израилдин атынан 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС радикал тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) чабуулунан аман калган ырчы Юваль Рафаэль "Жаңы күн келет" деген ыр менен катышты.

Орусия Украинага согуш ачканы үчүн 2022-жылы жарыштан четтетилген. Бир жылдан кийин Европа телерадиоберүү бирикмеси “Россия” жана Биринчи каналдын мүчөлүгүн биротоло токтоткон. Палестиначыл активисттер бул эрежени Израилге да колдонууну талап кылып келет.

Эстониядан катышкан Томми Кэштин Espresso Macchiato ыры италиялыктардын нааразылыгын жаратты. Англис жана италиян тилдеринде аралаш аткарылган чыгармада Томми италиялык мафиоздун образында чыкканын “чагымчыл мүнөздө” деп сындагандар болду.

Би-би-си кабарлагандай, Италиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу Codacons уюму сынакты өткөрүп жаткан Европа телерадиоберүү бирикмесине (EBU) нааразылык билдирген. Италиянын ашынган оңчул “Лига” партиясынын сенатору Марко Чентинайо Instagram баракчасына “Италияны кемсинткен адам Eurovision сынагынан четтетилиши керек” деп жазды. Ошол эле учурда социалдык тармактарда Томмини колдоп жазган италиялыктар да болду.

Быйыл артисттерге жана делегацияларга өздөрүнүн өлкөсүнүн желегинен башка желектерди колдонууга тыюу салынды. Анын ичинде сексуалдык азчылыктарга таандык кыймылдардын байрактарын желберитүүгө уруксат берилбеди. Буга чейин айрым өлкөлөрдүн катышуучулары Украинанын, Палестинанын желектерин, азчылыктардын кыймылдарынын байрактарын желбиреткен учурлар болгон.

Сынак өткөн Saint Jakobshalle аренасы.
Сынак өткөн Saint Jakobshalle аренасы.

Ошентип, сынак 2026-жылы Австрияда өтөт. Йоханнес Пич бул өлкөгө Eurovision сынагынын үчүнчү жеңишин алып келди. 1966-жылы Удо Юргенс, 2014-жылы Кончита Вурст биринчи орунду алган.

Европа телерадиоберүү бирикмеси Eurovision сынагын 1956-жылдан бери жыл сайын уюштурат. Эрежеге ылайык, бирикменин түптөөчүлөрү болуп саналган беш мамлекеттин - Улуу Британиянын, Франциянын, Испаниянын, Италиянын, Германиянын жана сынакты өткөрүп жаткан өлкөнүн ырчылары түз эле финалга чыгат. Ким утса кийинки жылдагы жарыш анын өлкөсүндө болот. 2024-жылкы таймашты швейцариялык Nemo уткан.

Ыр таймаштын жеңүүчүсү калыстар тобунун жана элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында чогулган упайлар менен түз эфирде аныкталат.

Сынакка Европа телерадиоберүү бирикмеси мүчө өлкөлөр жана Австралия катышат. Артистти тандоону ар бир өлкө өзү чечет. Кайсы бир өлкөдө конкурс менен тандалат, айрымдарына калыстар тобу аныктайт.

Маалымат каражаттары Базелдеги Eurovision-2025 сынагын уюштурууга 37 миллион евродон ашык каражат коротулганын жазышты. Уюштуруучулар чыгым тууралуу расмий маалымат берген эмес. Сынак 14 200 көрөрманга ылайыкталган Saint Jakobshalle аренасында өттү.

Ошондой эле калаадагы чоң стадионго монитор орнотулуп, миңдеген көрөрмандарга тартууланды. Эл аралык басылмалар шоуну түз эфирде дүйнөдө 160 миллиондон көп адам көргөнүн маалымдашты.

Шерине

XS
SM
MD
LG