Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Каракорум жолу аркылуу Пакистандан Кыргызстанга жүк ташыла баштады


Пакистан менен Кыргызстандын желектери. Иллюстрациялык сүрөт.
Пакистан менен Кыргызстандын желектери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга Пакистандан алгачкы жүк ташуучу автоунаа 5-декабрда келди. Ал Пакистан – Кытай – Кыргызстан багыты боюнча жетти. Кыргызстандын транспорт, байланыш жана жол министри Тилек Текебаев Фейсбуктагы баракчасында билдиргенине караганда, каттам 1995-жылдын 9-мартында Кыргызстан, Кытай, Казакстан жана Пакистандын ортосунда кол коюлган төрт тараптуу транзиттик келишимдин негизинде жүрө баштады.

Келишим 28 жыл мурда түзүлгөнү менен, анын алкагында Кыргызстандан да, Пакистан тараптан да бир дагы каттам болгон эмес. Аны жандандыруу маселеси быйыл 17-октябрда Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хассан Али Заигам менен Транспорт, байланыш жана жол министрлигинин жолугушуусунда көтөрүлгөн. Анда кагазда калып кеткен келишимдин алкагында каттамды жандандыруу боюнча суйлөшүү жүрүп, Карачи жана Гвадар деңиз портторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.

Жүктү кабыл алуу иш-чарасында элчи Хасан Али Заигам бул каттамдын ачылышы эки мамлекеттин транспорттук кызматташуусунда өзгөчө орунга ээ экенин белгиледи. Элчи ошондой эле кыргызстандык жүк ташуучулар Карачи жана Гвадар портторунун кызматынан кеңири колдоно аларын айтты.


Быйыл 16-мартта Бишкекте Кыргызстан - Пакистан соода-инвестициялык форуму өтүп, анын алкагында "Пакистан-Кыргызстан" соода үйүн түзүү боюнча келишимге кол коюлган. Кыргызстан-Пакистан илимий фондун түзүү, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү сүйлөшүлгөн.

Транспорт министринин маалыматында Пакистандан кандай жүк алып келингени айтылган эмес.

Пакистан менен Кыргызстандын Эки өлкөнүн дипломатиялык карым-катышы 1992-жылы 10-майда түзүлгөн.

Пакистандан Кыргызстанга негизинен текстил жана дары-дармек ташылат.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстан менен Пакистандын соода алакасы акыркы үч жылда өстү.

Быйыл жыл башынан берки 11 айда эки өлкөнүн соода алакасы 18 млн 424 миң долларды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 75% көбөйдү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG