Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Газада согуштук аракеттер кайра башталды


Израилдин Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына жасаган соккусу учурунда имараттардын үстүнөн түтүн көтөрүлүүдө. 1-декабрь, 2023-жыл.
Израилдин Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына жасаган соккусу учурунда имараттардын үстүнөн түтүн көтөрүлүүдө. 1-декабрь, 2023-жыл.

Израил армиясы Газа секторунда согуштук аракеттерин кайрадан уланта баштаганын расмий түрдө жарыялады. Жети күндүк тыныгуудан кийин Хан-Юнис жана Рафах шаарларына абадан сокку урулду.

Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы соккуларда 32 жай тургун набыт болгонун билдирди.

Бириккен Улуттар Уюму аскердик аракеттердин жанданышына өкүнүчүн билдирди.

"Бизде эмне күнөө"

1-декабрда таңда Израилдин түштүгүндө аба соккусу коркунучун эскерткен сирена жаңырды. Израил армиясы ХАМАС радикал тобун атышпоо режимин бузду деп айыптап, Газа секторунда согуштук аракеттерин кайрадан уланта баштаганын расмий түрдө жарыялады.

Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жума күнү эртең мененки ракеталык чабуулдан 32 палестиналык набыт болуп, ондогон киши жарат алган. Каза болгондордун дээрлик көбү аялдар жана жаш балдар экени айтылууда.

"Балдарыма тамак берип жаткам. Бир маалда жарылуу болуп, имарат кулай баштады. Бул кандай деген кылмыш? Бизде эмне күнөө? Биз кылмышкер эмеспиз, террорист эмеспиз, биз жөн гана коопсуз жерде жашагыбыз келет", - дейт үйү талкаланган Хан-Юнис шаарынын тургуну Ум Канен.

Хан-Юнис шаарында үйү талкаланган аял. 1-декабрь, 2023-жыл.
Хан-Юнис шаарында үйү талкаланган аял. 1-декабрь, 2023-жыл.

Израил армиясынын аба чабуулунан Египет менен Газа тилкесинин ортосунда жайгашкан Рафах шаарынын тургундары да жабыркаганы кабарланды.

Бириккен Улуттар Уюму Газа тилкесинде “катастрофалык” аскердик аракеттердин жанданышына өкүнүчүн билдирип, тараптарды ок атышууну токтотууга чакырды.

Уюмдун Женевадагы гуманитардык кеңсесининин өкүлү Йенс Лаерке билдиргендей, согуштук аракеттердин жанданышы “Жердеги тозок Газага кайра кайтканын" айгинелейт.

"Барымтадагылардын баары чыккан жок"

Ал эми бейшембинин кечинде Хамас радикал тобу барымтасындагы 8 кишини, Израил өз абактарында отурган палестиналык 30 туткунду бошотту. Ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо келишими күчүнө киргенден бери ХАМАС радикал уюму барымтадан 105 кишини кое берди. Израилдин түрмөлөрүнөн азат кылынган палестиндердин саны 350гө жетти.

Абактын чыккан палестин жигит Юнис Хавамде:

"Абактын ичиндеги абал начар, бул трагедия. Бүгүн чыгарыбызды билген эмеспиз. Бизге тергөөгө барасыңар деп эле айткан. Кийин бошотушту", деди.

Деген менен Израилдин премьер-министринин кеңсеси жума күнү ХАМАС радикал тобу барымтадагы бардык аялдарды бошотуу убадасын аткарбай, Израилдин аймагына ракеталык сокку урганын билдирди. Маалыматта бейшембиде хамасчылар макулдашылган 10 кишинин сегизин гана бошоткону айтылат.

Израил менен ХAMACтын ортосунда түзүлгөн убактылуу ок атышпоо маалында Газа тилкесинен израилдик барымтадагыларды алып бараткан Кызыл Чырымдын кербени. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Израил менен ХAMACтын ортосунда түзүлгөн убактылуу ок атышпоо маалында Газа тилкесинен израилдик барымтадагыларды алып бараткан Кызыл Чырымдын кербени. 29-ноябрь, 2023-жыл.

Жума күнү барымтадан чыгып, Тель-Авивдеги үйүнө кайткан 18 жаштагы Лиам абалы жакшы экенин билдирди:

"Мен кайтып келдим, баары жакшы, абдан бактылуумун, эмне кыларымды билбейм турам. Жаңы эле Инстаграмга сүрөт койдум. Азыр баары жакшы."

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын ырбап кетишине ХАМАС куралдуу тобунун 7-октябрда Израилге кол салуусу түрткү болгон. Согушкерлер Израилдин калктуу конуштарына кирип барып, 1200 кишини жок кылган, 240тан көп адамды барымтага алып, Газа тилкесине алып кирип кеткен.

Жөөт армиясы жооп иретинде ХАМАСка каршы согуш жарыялап, аталган радикал уюмдун көзөмөлүндөгү Газа тилкесине адегенде абадан сокку уруп, кийин жердеги аскердик операциясын баштаган. Курчоодо калган палестин анклавынын саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, Израилдин чабуулдарынан кеминде 15 миңдей киши набыт болду.

Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG