Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Көлбаев жана Матраимов "мафиясы": Ошто кызматтан кеткен жетекчилер


Ош шаары
Ош шаары

Ошто Көлбаев жана Матраимовго байланышы бар делген бир нече жетекчи кызматтан алынганы белгилүү болду. Алардын арасында президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары жана Кара-Суудагы жетекчилер да бар. Бирок алар жогорудагыдай байланышты четке кагышууда.

Мындан бир аз күн мурда УКМК жетекчиси "Көлбаев-Матраимов мафиясына" байланышы бар 70тен ашуун адам мамлекеттик кызматтан кеткенин жана мындан ары да тазаланарын билдирген.

Оштун Кара-Суу районунда ондон ашуун мамлекеттик кызматкерлер жумуштан кеткени белгилүү болду. Алар: райондук кадастр кызматынын жетекчиси, райондук архитектура кызматынын башчысы, социалдык жактан коргоо мекемесинин башчысы, райондук почтанын жетекчиси, Кара-Суу шаардык мэриясынын вице-мэри, Кара-Суу районунун акиминин орун басары. Мады айыл өкмөтүнүн, Сарай айыл өкмөтүнүн, Сары-Колот айыл өкмөтүнүн, Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчылары.

Ал эми Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов өз каалоосу менен кызматтан кеткени 17-ноябрда атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук кызматынын Чүйдүн Панфилов районундагы бөлүмүнүн имаратынын ачылышына барганда белгилүү болду.

Ташиев "уюшкан кылмыштуу топтор, коррупционерлер менен тыгыз байланышып жүргөн мамлекеттик кызматкерлерге аёо болбой турганын" белгилеген.

"Мындан ары эч кимди аябайбыз. Өзгөчө уюшкан кылмыштуу топтор менен, коррупционерлер менен тыгыз байланышы бар мамлекеттик кызматкерлерге аёо болбойт. Мына кечээ президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматтан алынды. Өзгөн шаарынын мэри камалды. Мындай иштер мындан ары да уланат. Ушундай жол менен биз тартип орнотобуз", - деген Ташиев.

Манапов Көлбаев-Матраимов тобуна байланыштуу иштен алынган 70тен ашык мамлекеттик кызматкердин ичинен эң жогорку кызматты ээлегени болуп калды. Азырынча калгандары кимдери экени тууралуу толук тизме ачыкка чыга элек.

Уристем Манапов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, кызматынан өз каалоосу менен кеткенин ырастады. Ал Матраимовдун иниси менен достук мамиледе экенин жашырган жок.

“Көлбаев менен тааныш эмесмин. Бирок Матраимовдор менен таанышмын. Ош облусунун тургундары катары бири-бирибизди тааныйбыз. Чогуу иштешкен эмеспиз. Студенттик кезден бери бир иниси - Ислам дегени менен досмун. Кийин чогуу иштедик каржы полициясында. Бирок мага жогору жактан эч кандай талап деле болгон жок”, - деди президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн мурдагы биринчи орун басары Уристем Манапов.

Кара-Суу буга чейин кеп болгон Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун кичи мекени. Бул аймакта Матраимовдордун таасири күч экени, кадр саясатына аралашары буга чейин көп эле айтылып келген.

Райондун акими Жакыпбек Субагожоев чынында эле бир нече мамлекеттик органдын жетекчилери кызматтан алынган ырастады. Бирок бул маселени ашкере саясатташтыргысы келбей, мамлекеттик саясаттын талабы экенин айтты:

"Азыр мамлекетте жүрүп жаткан саясатты мамлекеттик кызматкер катары да, жөнөкөй жаран катары колдошубуз керек. Кызматтан бошоп кеткен кызматкерлерди коррупцияга аралашканы же тигиндей болгону үчүн кетти деп айта албайм. Биз аларга кызмат деле сунуштадык, бирок, "биз көп жыл иштедик, кетели" деп өз арыздары менен кетти”.


Анткен менен Кара-Сууда кызматтан алынгандардын бири Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Уланбек Олжобаев борбордук бийликтен келген тизменин негизинде жумушунан ажырадык деп эсептейт:

“Матраимовдор менен жеке байланышым жок. Тилек Исмаилович аким болуп иштеген учурда ал киши менен түз иштешкен эмесмин, анда мен орун басар элем. Үй-бүлөлүк карым-катнашым деле жок. "Район боюнча тизме келди, арыз жазгыла" деди, арыз жаздык, болгону ошол”.

Жумуштан четтегендердин арасында Кара-Суу шаарынын вице-мэри Шавкат Осмоналиев да бар. Ал ооруканада жаткан учурда жумуштан бошогонун айтууда.

“Мэр "арыз жазып берсеңиз" деп суранды. Мен, мейли деп арыз жазып кете бердим. Ошол убакта ооруканада жаткам. Матраимовдор менен туугандык байланышым жок. Мен иштеген учурда Тилек Матраимов аким болуп келе элек болчу. Келгенден кийин иштешип калдык Анда деле иш боюнча сүйлөшчүбүз. Матраимовдордун туугандары мени тааныбаса деле керек”, - дейт Кара-Суу шаарынын мурдагы вице-мэри.

Жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев Ошто Көлбаев менен Матримовдун таасири күчтүү болгонун танбайт. Ал бул кланга байланышы бар адамдарды жакшылап иликтесе, он эмес, жүздөгөндөр жумушунан кетиши мүмкүн деп эсептейт.

“Булардын эмгек китепчелерин карасаң, кызматтан өз арызы менен кетти деп турса керек. Матраимовдорго байланыштуу "кара тизме" түзүлдү дегенден кийин эле өздөрү арыз жазып кетишти. Матраимовдор менен кимдер иштешип, кимдер дос болбоду. Учурунда “Исмаил ата” фонду өткөргөн оюндарга кимдер гана келген жок. Айыл өкмөттөн баштап, президенттик аппаратта иштеген адамдарга чейин келген, алар дагы деле иштеп жүрөт. Көп болсо 100 адам кетиши мүмкүн, бирок алар менен кызматташкан миңдеген адамдар бар”.


Буга чейин Көлбаев менен байланышы бар деген шек менен Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров кармалган. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев комментарий берип, Моңолдоровдун аракетин сындаган.

“Мамлекеттик кызматта болобу, муниципалдык кызматта болобу, мындай чөйрөдөгү адамдар менен байланыш түзгөнү туура эмес. Азыркы учурда мамлекетте тазалануу болуп жатат. Негизи эле Кыргызстандын жараны болобу же чет өлкөлүк жаран болобу, коопсуз коомдо жашаш керек, буга ар бир адам татыктуу".

Атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен маркум Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. Ал эми Матраимов ушу тапта кайда экени белгисиз.

Матраимов иши: Бийлик журналисттердин иликтөөсүн аягына чыгарабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:40 0:00

Ал арада Ош облусунун Ноокат районунун акими Данир Иманалиев да өз каалоосу менен кызматынан кетүү чечимин кабыл алганын 22-ноябрда билдирди. Ал “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирүү жарыялап, районду 2 жыл 6 ай башкарганын айтты жана жасалган иштерди тизмектеди. Аким кызматтан кетүү себебин атаган жок. Анын жумуштан кетүүсү аймакта бир катар жергиликтүү кызмат адамдары иштен бошоп жаткан учурга туш келди.

Мыйзам боюнча Кыргызстанда райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларын президент дайындайт жана иштен алат.

46 жаштагы Иманалиев Ноокатка башчы болуп 2021-жылы май айында дайындалган. 2020-жылы ал парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынын катарында талапкер болуп катышкан. 2016-2020-жылдары Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районун жетектеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG