Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Матроним маселеси: Конституциялык сот айтканынан кайтты


Коллаж
Коллаж

Кыргызстандын Конституциялык соту документине “атасынын аты” деген сапка апасын жаздырууга жол ачкан матроним тууралуу өз чечимин кайра өзгөрттү. Сот мындай чечимге себеп болгон жагдайлардын бири катары “матчество институтун киргизүүнү коомдун басымдуу бөлүгү терс кабыл алгандыгы" менен да түшүндүргөн.

Баш мыйзамдын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп жазылган.

Юристтер Баш мыйзамды одоно бузуу көптөгөн мыйзамсыз көрүнүштөргө жол ачарын эскертүүдө.

Конституциялык сот 9-ноябрда сот матчество, башкача айтканда матроним боюнча ушул жылдын жай айларында чыккан чечимин кайра карап чыгып, аталган документтен "бойго жеткендерде атасынын же энесинин атын тандоо укугу болот" деген бөлүгүн алып салды.

Эки жыл мурун сотко активист Алтын Капалова кайрылып, уулунун паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууну суранган. Бирок сот "бала кийин кодулоого кабылышы мүмкүн" деген жүйө менен Капалованын арызын канааттандырган эмес. Ошол эле учурда Конституциялык сот жашы жеткен жаранда атасынын же энесинин ысымын тандоо укугу бардыгын белгилеген.

Бул окуя кыргыз коомунда кызуу талкууга жем таштап, матчествого бийликтин бийик сересинде отургандар дагы каршы пикирин билдирген. Маселен, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев бул боюнча каршы пикирин айтып чыккан.

"Эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям", - деп жазган Ташиев.

Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп белгиленген.

28-сентябрда Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого жол ачкан мыйзамды талкуусуз карап, кабыл алган. Ага 3-октябрда президент Садыр Жапаров кол койгон.

"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси, юрист Чолпон Жакупова Конституциялык соттун соңку чечимин "Баш мыйзамдын ченемдерин одоно бузуу" деп сыпаттады:

Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

"Конституциялык ченемдерди бузуунун алдында Баш мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизиш керек эле. Андан кийин гана мыйзам кабыл алынып, ал мыйзам Баш мыйзамдан төмөн турушу зарыл. Бирок президенттин гана демилгеси менен же болбосо Конституциялык соттун өзүнүн чечими менен баарын өзгөртүп койсо болорун көрүп турабыз. Ошондуктан мен муну Баш мыйзамды бузуу катары баалайм. Маселенин баары ушунда, себеби биз конституциянын ченемдерин ушундай оңой буза алсак, демек биздин өлкөдө укуктук система кыйрап атат да. Бул бүтүндөй укуктук түзүмгө доо келтирет".

Жакупова "карама-каршы келген мыйзамдар башаламандыкты жаратарын" белгилеп, алардын берген бүтүмүнө эч ким көңүл бурбаганын айтты.

Юристтер Конституциялык соттун чечими акыркы болорун жана даттанууга же өзгөртүүгө жатпай турганын буга чейин да айтып, эксперттик бүтүмдөрүн чыгарып берген. Конституциялык соттун чечимин өзгөртүү Баш мыйзамды өзгөртүүдөн кийин гана мүмкүн экени жазылат.

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтымында, балага эненин ысымын берүү маселеси жөн жерден көтөрүлгөн эмес. Борбордогу ишеним телефонуна жылына 1,5 миңден ашык аял кайрылат. Алардын көбү төрт-беш балалуу энелер. Аялдар үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап, айрым кыздар атасынан ыдык көргөнүн айтышкан. Мындай учурларда атасын көргүсү келбей, андан кол үзгөндөн сырткары юридикалык документтерден да атасынын аты-жөнүн алып салууну каалагандар кездешерин айтат.

"Жакында эле төрт балалуу келин келди. Келиндин өзүнүн, балдарынын

Бүбүсара Рыскулова
Бүбүсара Рыскулова

психологиялык абалы өтө оор. Сот аркылуу күйөөсүн аталык укуктан ажыратып, балдарын өз фамилиясына өткөрүп алды. Бирок атанын аты балдардын документтеринде калды. Кыздарга да атасынын колу тийген, тынчтык берген эмес. Ушундай үй-бүлөлөргө, тактап айтканда, балдарга тандоо укугу берилген жок. Дагы бир жагдай, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары атасына же энесине каралашпаган балдарды жазалоо керектигин айтып чыкты. Бирок бала кезинде таштап кетип, карабай койгон ата сөрөйлөр кийин келип, "сен менин ысымымдагы баласың, мени бак" деп догун артып отурса кандай болот? Энелер бар, өмүрүн балдарына арнап, кара жанын карч уруп иштеп, уул-кыздарын багат. Ушундай энелердин балдары эмнеге энесин кадырлап, анын атын алып жүрө албашы керек?".

Медиа эксперт Миржан Балыбаев матронимдин айланасында кызуу талкуу жаратуунун зарылчылыгы жок деген пикирде. Ал "кыргыздын салты бузулмак, наркы бузулмак" деген жүйө негизсиз деп санайт.

Миржан Балыбаев
Миржан Балыбаев

"Кыргызда "матроним" модага айланып, элдин баары энесинин атына өтүп алат деген жаңылыш ой бар. Документте көрсөтүлгөн маалыматты өзгөртүүнү каалагандар ашып кетсе 0,1% болмок. Өз атасынын атынан жыргаганынан баш тартпайт, көбү андан зордук-зомбулук көргөндөр же болбосо атасын өмүрү көрбөгөн, бирок анын аты паспортунда жазылып калгандар болот. Өмүрү кайрылып, баласынан же кызынан кабар алып койбогондор толтура. Мына ошондой атадан бала баш тартууга эмнеге укуктуу болбосун? Албетте, укугу бар. Биологиялык гана байланыш болбосо, башка эч нерсе жок да. Кыргыздын салты бузулмак, наркы бузулмак деген нерсе негизсиз, андай болмок да эмес", - дейт Балыбаев.

Кыргыз коомунда буга чейин балдар документ алганда энесинин ысымына катталган учур болгон эмес. Бул маселе Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын жаздыргандан кийин кызуу талаш-талкуу жаратты. 2021-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы анын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин жана жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Мекеме документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылып, бардык инстанцияларда утуп алган эле. Кийин бул маселе Конституциялык сотко чейин жетип, “матроним” чуусу бийликти “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамды өзгөртүүгө аргасыз кылды.

XS
SM
MD
LG