Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Келерки жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы белгиленет


"Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплекси. Иллюстрациялык сүрөт.
"Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплекси. Иллюстрациялык сүрөт.

Келерки жылы Кыргызстанда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кайрылуусунда билдирди.

“Буга байланыштуу мен “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыкка кол койдум. Басып өткөн тарыхыбызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусун, анын түптөлүшүнүн оңойго турбаганын кийинки муун сөзсүз билиши зарыл”, - деди Садыр Жапаров.

Ал ар бир элдин тарыхы, тили жана маданияты анын келечеги үчүн маанилүү экенин, ал аркылуу мамлекеттин келечеги аныкталарын белгиледи. Кайрылууда кыргыз эли 3 миң жылдан ашуун тарыхында канды булоон согуштарга карабай, эне тилин, нарк-насилин сактап келе жатканы айтылат.

Мамлекетти Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов баштаган интеллигенция өкүлдөрү түптөп кеткени унутулбай турганын кошумчалады.

7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп 2017-жылдан бери календарда кызыл түс менен белгиленип келет.

Орус советтик федеративдик социалисттик республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган.

XS
SM
MD
LG