НКВДнын кандуу жолу: Абдыкадыр Орозбековдун тагдыры
Мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун урпактары жазыксыз репрессияланган атасынын сөөгү кайда көмүлгөнүн табууга жардам сурап өлкө жетекчилигине кайрылууну көздөп турат. Сталиндик кандуу репрессиянын курмандыгы болуп, кайда көмүлгөнү белгисиз калган миңдеген кишилердин арасында Орозбековдун да ысымы бар. Анын кантип жазага тартылганы, сөөгү кайда көмүлгөнү тууралуу имиштерден башка далилдүү фактылар жокко эсе. Тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов жана Орозбековдун небереси Жылдызкан Орозбекова менен ушул тууралуу талкуулайбыз.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 25, 2024
Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү “Ала-Арчага” жашырылганбы?
-
Ноябрь 07, 2024
Кыргызстандагы сыры ачылбаган аялдар лагери
-
Октябрь 28, 2024
Борбор Азия: Бурмаланган тарых, ойгоно элек эс тутум