Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Кыйноолорду алдын алуу борбору интернаттагы укук бузууларды аныктады


Иштебеген даараткана. (Сүрөт Кыйноолордун алдын алуу борборуна таандык)
Иштебеген даараткана. (Сүрөт Кыйноолордун алдын алуу борборуна таандык)

Кыргызстандын Кыйноолорду алдын алуу борборунун жана Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 22-октябрда Ош облусундагы Д.Султанов атындагы мектеп-интернаттагы балдардын абалы менен таанышты.

Кыйноолорго каршы борбордун маалымдашынча, мектеп-интернатта тарбиялануучулардын укугу бузулган учурлар аныкталган.

Окуучулар менен сүйлөшкөндө кыздардын бири тарбиячы катаал мамиле кылып, колун көгөртө чымчып алганын айтып берген. 9-класстын окуучулары сабак учурунда таштанды чогулуп калган цистернаны тазалашкан.

Окуучулар интернатты жыйнап жаткан учурда биринин далысына бетондун сыныгы түшүп кетип, чоң тырык пайда болгон.

8-9-класстын окуучулары дене тарбия сабагынан кийин душка чайканууга мүмкүнчүлүк жоктугуна даттанышкан. Алардын айтуусунда, балдар жууна турган мончо дем алыш күндөрү гана иштейт, анын да абалы начар

"Башталгыч 1-4-класстын окуучулары үчүн эки унитаз орнотулган бир гана даараткана иштейт. 5-9-класстар үчүн орнотулган дааратканада болгону жалгыз унитаз иштейт. Суу жылыткыч жок", - деп жазылган маалыматта.

Окуучулар 19-октябрда тамактан курт чыкканы үчүн жебей коюшканн айтышкан. Эреже боюнча балдардын тамак-ашы үчүн камдалган азык-түлүк кампада, атайын текчелерге коюлушу керек болгону менен, баары жерде чачылып жатканы аныкталган.

Мектеп-интернаттагы мүчүлүштүктөрдөн улам акт түзүлүп, прокуратурага жана Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнө жиберилген.

Кыргызстанда 37 балдар интернаты бар. Анын ичинен 16сы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караса, 21и Билим берүү жана илим министрлигине караштуу. Интернаттарда жалпы 5 миңдей бала тарбияланат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG