Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:24

Бишкектин Карачи порту аркылуу деңизге чыгуу мүдөөсү


Бишкек-Кашгар-Карачи эл аралык транспорттук каттамы. Коллаж.
Бишкек-Кашгар-Карачи эл аралык транспорттук каттамы. Коллаж.

Кыргыз өкмөтү Бишкектен Пакистандын Карачи портуна чейинки эл аралык транспорттук каттамын өздөштүрүүгө киришкенин жарыялады. Дээрлик 20 жылдан бери кагаз бетинде келаткан долбоорду жандандырууну Пакистандын өкмөтү демилгелеген. Пакистандын делегациясы Карачи-Кашкар-Бишкек каттамы боюнча алгачкы автокербен жолго чыкканын кабарлады. Бул жол деңиз жолуна алып чыгуучу эл аралык каттамдардын бири катары келечектүү деп бааланууда. Эгер ал ишке кирип калса, Бишкектен Карачиге чейинки жолдун узундугу 3500 чакырымдай болот. Бирок иш жүзүндө бир катар тоскоолдуктар бар.

Түштүк, Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш аймактарындагы эл аралык транспорттук каттамдардын мааниси тууралуу расмий Исламабад Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын 26-октябрда Бишкекте өткөн саммитинде маселе көтөрдү.

Пакистандын тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани уюмдагы өлкөлөр өз ара экономикалык интеграцияланышы зарыл болуп турганын белгиледи. Ал эл аралык транспорттук каттамдарды өнүктүрүү үчүн өз өлкөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана Кытай менен логистикалык коридорлорун колдонууну сунуштады.

"Пакистан Түштүк, Борбордук Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын кесилишинде жайгашкандыктан, мыкты соода каналы боло алат. Келерки жылы Пакистан ШКУнун аймактык өнүгүшү үчүн транспорттук байланыштар боюнча конференция өткөргөнү турат. Өз ара байланыштын жоктугу аймактык соодага, инвестицияга жана өнүгүүгө тоскоолдук болуп саналат. Кытай-Пакистан экономикалык коридору аймактык алакалар үчүн кубаттуулуктун мультипликатору болуп берет. Бул коридор Пакистан менен Кытайды эле байланыштырбастан, ШКУнун бардык мүчөлөрүнүн жалпы келечегине инвестиция салуу жана аймактык интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн тартуулайт".

Мындан бир аз мурдараак эле Пакистандын атайын тобу келип, кыргыз өкмөтү менен Бишкек-Кашгар-Карачи эл аралык транспорттук каттамын ишке киргизүү долбоорун талкуулап кеткен. Кыргыз тарапка суу жолуна чыгуу үчүн Карачидеги деңиз портунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу сунушу берилген.

Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясынын башкы директору Фаррух Шахзад Рао Бишкек-Кашкар-Карачи эл аралык транспорттук каттамын жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдирген. Исламабад каттамдын эң татаал бөлүгү болгон Каракорум автошоссесин жыл бою иштөө режимине которуп жатканын айткан.

Кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз бийлигинин өлкөнү “чыгыш-батыш” жана “түндүк-түштүк” багыттары боюнча транспорттук хабга айландыруу мүдөөсү тууралуу айтып берген.

Пакистан делегациясы менен жолуккан Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Бишкек-Карачи транспорттук маршруту боюнча атайын комиссия түзүү, ишти алдыга жылдыруу жана эл аралык жүк ташуу келишимдерин анализдеп чыгуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма бергенин билдирди.

Бишкек-Карачи каттамы жана Кытайдын маанайы

Карачи порту Араб деңизинин жээгинде жайгашкан. Порттун терминалдарынан жылына 40 млн тонна жүк жана эки миңден ашуун кеме өтөт. Соңку жылдары анын эл аралык мааниси артып, Орусия, Казакстан жана Өзбекстан дагы порт аркылуу Түштүк жана Түштүк-чыгыш Азиянын рынокторуна жигердүү чыга башташты.

Бишкек - Карачи каттамы Бишкектен чыгып, Торугарт аркылуу Кытайдын Кашгар шаарына барат. Андан ары түштүк-батышка карай бийик тоолуу Каракорум шоссеси аркылуу Пакистанга кирет. Пакистандын Исламабад, Лахор жана Хайдарабад шаарларын жандап өтүп, Карачи шаарындагы эл аралык портко жетет.

Кыргызстан - Бишкек-Кашгар-Карачи транспорттук каттамынын картадан көрүнүшү
Бишкек - Кашкар - Карачи транспорттук каттамынын картадан көрүнүшү

Кыргызстандын эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы деңиз жолуна алып бара турган эл аралык транспорттук каттамды иштеп чыгууга тыгыз катышып жатат. Долбоор боюнча алар изилдөө жана талдоо иштерин аткарууда. Бирикменин төрагасы Азамат Жумабеков каттам тууралуу буларды айтып берди:

“Каттамдагы Каракорум тоосун ашып өткөн жолдун узундугу 1300 чакырым болууда. Анын 800 чакырымы Пакистандын түндүк тарабында болсо, дагы 500 чакырымы Кытай тарапта жайгашкан. Бир катар олуттуу тобокелдиктер бар, жол 4700 метр бийиктиктеги ашуулар аркылуу өтөт эмеспи. Ал дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун ичинде экинчи орунда турат. Тоңголок, таштардын кулоосу, жер көчкү, кар көчкү сыяктуу тобокелдиктер бар. Биз алгач тобокелдиктерди талдап көрүп, анан өзүбүздүн жүктөрдү жөнөтөбүз. Ошондой эле Пакистандын тарифтик саясаты боюнча биздин өкмөт ишти бышырышы керек. Бул саясий маселе болгондуктан, өкмөт жөнгө салып, көзөмөлдөп, келишимдерди түзүшү зарыл. Учурда бул долбоор 80% бышып калды, бизнес тармагы бул жаатта талдоолорун жасап, сунуштарын беришти. Эми кенедей гана бөлүгү калды, аны өкмөт аткарышы керек”.

Бул эл аралык каттамды жүргүзүү долбоору 90-жылдардын ортосунда эле башталган. 2004-жылы алгачкы документтер чыгып, Кыргызстан, Казакстан, Кытай жана Пакистандын ортосунда төрт тараптуу макулдашуу түзүлгөн. Казакстан менен Кыргызстандан алгачкы транспорттук колонна Карачиге чейин барып да келген.

Жүк ташуулар менен алектенген дагы бир коомдук уюм - Жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев ал кездеги көйгөйлөр жана долбоордун үзгүлтүккө учураган себеби тууралуу айрым жагдайларды эскерди:

“Илгери пакистандыктар Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнө кайрылып, бул каттамды иштетүүгө аракет кылышкан. Алматыдан эки-үч унаа, Кыргызстандан дагы эки унаа чыгып, колонна болуп ошол жол менен биринчи жолу өтүшкөн. Кытай тарап да макул болуп, дипломаттар коштоп барышкан. Кашкарга жеткенден кийин аябай чоң көйгөйлөр жаралган. Кытайлар бюрократияны күчөтүп, “тиги кана, бул кана” деп биздин унааларды өткөрбөй, 4-5 күн кармап, "аке-жаке" деп жатып өтүшкөн. Каракорум трассасы 4000 метр бийиктикте өтөт экен. Ошол жылы жаан жаап, кар эрип, жолду каптап кеткен. Биздин унаалар өткөн, бирок жолду каптап кетип, жолу бир канча жыл жабык турду. Бул каттамда жол Кытайды кесип өткөндүктөн, Бээжиндин маанайына өтө көз каранды болот. Кытайда бюрократия көп жана катаал көзөмөл бар”.

Шабданалиев Пакистан мурда дагы Кыргызстанга Карачи портунан жер сунуштаганын, бирок финансылык жана техникалык себептерден улам кыргыз өкмөтү ал мүмкүнчүлүктү пайдалана албаганын кошумчалады.

Каракорум шоссеси - Пакистан менен Кытайдын ортосундагы эл аралык жол. Дүйнөдөгү эң бийик тоолуу эки жолдун бири. Узундугу 1300 чакырымды түзөт, бийиктиги деңиз деңгээлинен 4700 метр болгон, географиялык шарты катаал Хунжераб ашуусу аркылуу өтөт.

Салыштырып көрсөк, Бишкек - Ош жолундагы Төө-Ашуунун бийиктиги 3400 метр, Алайдагы Талдык ашуусу 3615 метр, ал эми Нарындагы Долон ашуусу 3030 метрди түзөт.

Мурда ноябрдан май айына чейин жолду кар басып, каттоо токтоп калчу. 2010-жылы январь айында ири жер көчкү жүрүп, Каракорум шоссесинин 20 чакырымдай жерин басып калган. Беш жылдан ашуун оңдоо иштеринен соң 2015-жылы калыбына келтирилген. Азыр эми пакистандыктар шоссени жыл бою иштөө режимине өткөрүүгө ниеттенип турат.

Бишкек - Кашкар - Карачи транспорттук каттамы Кыргызстан үчүн жаңы өздөштүрүлө турган логистикалык долбоор болуп саналат. Кыргызстандын эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы берген маалыматтарга ылайык, Пакистан менен маселе 90% чечилген. Исламабад 2019-жылдан баштап Кыргызстандын жүк ташуучуларына уруксат кагаздарын бере баштаган. Алдыда 2023-2024-жылдарга да улантууга макулдугун билдирип турат.

Арийне, бийик тоолуу Каракорум шоссесиндеги техникалык коопсуздук маселесинен тышкары, бул каттамдын негизги көйгөйлөрүнүн бири Кытай тараптын анча көңүлдөнбөгөн позициясы да болууда.

Алдыда Бишкек Кытайдан айдоочуларга виза, уруксат кагазын жана транзиттик жолунан өтүү үчүн акы төлөө тарифин тактап алышы зарыл. Кыргызстандын эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын башчысы Азамат Жумабеков кыргыз тарап Кытайга каттарды жазып, бирок ал тараптан оңдуу жооп ала албай жатышканын билдирди:

“Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы мамиле жакшы эле. Бир гана Кытай позициясын ачыктабай турат. Биз азыр тарифтик саясат, виза жана уруксат кагаздары боюнча ишти ийине жеткиришибиз керек. Кытай, тилекке каршы, жооп бербей жатат. Пакистан азыр бизге карай автокербенин жөнөттү. Биз аны күтүп, алар келгенден кийин сурамжылап, талдап, анан каттамдын методологиясын иштеп чыгабыз. Андан соң биздин унааларды жөнөтүп, транзиттик каттамдын шарттарын иш жүзүндө изилдеп чыгабыз. Анткени бул биз үчүн жаңы каттам, али өздөштүрө элекпиз, метеошарттарга байланыштуу бир катар тобокелдиктер бар. Пакистандыктар менен бирге каттамды кылдат талдап, транспорттук инфратүзүмдү, жол коммуникацияларын, транзиттин орточо наркын жана жол жүрүү убактысын эсептеп чыгабыз. Эгерде бул каттамды акыр-аягына чейин жеткирип алсак, ал биз үчүн абдан пайдалуу жол болот”.

Жаңы жолдорго муктаждык

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги байма-бай болуп турат.
Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги байма-бай болуп турат.

Кыргызстан эл аралык жүктөрүн кара жол менен негизинен Казакстан жана Орусия аркылуу ташыйт. Евразия экономикалык биримдигинде чогуу турганына карабай, расмий Астана ар кыл себептерден улам казак-кыргыз чек арасын жаап, кыргыз жүк ташуучуларын узун кезекке тизип койгон учурлар байма-бай болуп турат. Мындай жагдай көп учурда эки өлкөнүн расмийлеринин ортосундагы саясий сүйлөшүүлөр аркылуу чечилип келет. Муну менен катар, 2022-жылдан берки Орусиядагы саясий жана экономикалык каатчылыктан улам түндүк каттамы аркылуу Европага өтүү бир топ кыйындады.

Ушундан уламбы же суу жолу аркылуу жүк ташуунун наркын арзандатуу аракетиби, айтор, кыргыз бийлиги соңку жылдары түндүк каттамына атаандаш башка дагы транспорттук каттамдарды жигердүү издеп жатат.

Июль айында кыргыз өкмөтү Орусияга карай Казакстанды айланып өткөн транспорттук каттамды даярдап жатканын жар салган. Ал жол Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу Каспий деңизине чыгып, андан ары түндүккө карай Орусияга өтүп кетет. “Түштүк коридор” деп аталган ал долбоор боюнча Кыргызстан менен Орусиянын министрлеринин деңгээлинде иш-чаралар өткөрүлүп жүрөт. Бирок ал каттамдын дагы бир катар саясий жана инфратүзүмдүк көйгөйлөрү бар экендиги айтылган.

Мындан бир нече жыл мурда Иран кыргыз бийлигине Перс булуңундагы Бендер-Аббас портунан жер берүүнү сунуштаган. Ал каттамды кыргыз жүк ташуучулары анда-санда колдонгону менен, долбоор азырга чейин расмий түрдө ишке ашпай келет. Эксперттер мунун себебин Бириккен Улуттар Уюмунун Иранга салган санкцияларынан көрүшөт.

Ишкер ассоциациялардын өкүлдөрү Кыргызстан өз ишкерлерин тышкы таасирлерден коргош жана улуттук кызыкчылыгын алдыга жылдырыш үчүн эл аралык жаңы каттамдар менен рынокторду өздөштүрүүгө талыкпаган эмгек сарпташы зарыл экенин айтышууда. Ар башка багыттагы транспорттук каттамдар менен логистикалык жолдордун көп болушу улуттук экономикага арзан жана коопсуз мүмкүнчүлүктөрдү берет.

ЖИА ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу Кыргызстандын альтернативдүү коридорлорду издөө аракетине кандай жагдайлар себеп болуп жатканын айтып берди:

“Биздин башка альтернативдүү коридорлорду издегенибизге бир канча себептер болуп жатат. Биринчиси, акыркы жолу Өзбекстан, Түркмөнстан жана Каспий деңизи аркылуу Орусияга чыгуу боюнча жаңы коридор иштелип чыкты. Буга Казакстандын чек араны байма-бай жаап салышы себеп болууда. Маселени, балким, башка өңүттөн карап көрүү туура болобу деген ой келип атат. Биз Казакстан менен чогуу бир экономикалык биримдиктебиз. Бирок бир канча жылдан бери бул көйгөй чечилбей жатат. Кошуна өлкө муну анча-мынча саясий чечимдерди кабыл алуу үчүн гана колдонуп атат. Бир уюмдун ичинде туруп бул көйгөйдү чече албай, уюмдан тыш өлкө менен келишим түзүп, альтернативдүү каттам иштеп чыгып атабыз. Бул дагы бир түшүнүксүз, логикага сыйбаган суроо болууда. Экинчиси, Пакистан аркылуу деңизге чыгуу коридору. Бул сөзсүз керек. Канчалык альтернативдүү жолдор көп болсо, биз үчүн ошончолук маанилүү. Анткени пандемиядан кийин биз бизнес ассоциация катары жаңы рынокторду издей баштадык. Потенциал катары Түштүк жана Түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүн көбүрөөк изилдеп, ошол жакка чыгуу, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап атабыз. Мисалы, калкы боюнча дүйнөдө биринчи, экономикасы алтынчы орунда турган Индиянын рыногу өтө чоң. Бирок логистика жагынан эң чоң көйгөй транспорттук жүк ташуу болуп жатат. Индиянын жүктөрү Пакистан, Иран жана Бириккен Араб Эмирликтеринин портторуна жеткирилип, анан бизге келет. Биздин ишкерлер дагы Индиянын рыногуна чыгуу же ал жактан кайсы бир товарларды, кызматтарды ташуу жагы карала турган болсо, Бишкек - Карачи жолу эң жакшы каттамдардын бири болуп калышы мүмкүн”.

Жээнбай уулу Кыргызстан экспортко сапаттуу текстиль өндүрүмдөрүн, жаңгак, кара өрүк, өрүк өңдүү кургатылган жемиштерди, бал менен төө буурчакты, IT жана туризм кызматтарын сунуштоо мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.

Кашкар - Каракорум багыты аркылуу Карачи портуна баруу каттамын Өзбекстан да иштеп чыгууда. Ал Кыргызстандын Ош шаары жана Эркечтам ашуусу аркылуу өтөт. 2022-жылы Ташкенттен чыккан алгачкы автокербен порт аркылуу Индияга жеткирилген.

XS
SM
MD
LG