Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:06

Нурзада: Мен роботторду сүйлөтүп, кыймылга келтирем


Нурзада Макеева
Нурзада Макеева

35 жаштагы Нурзада Макеева адамдын жашоосун жеңилдете турган роботту программалап чыкты. Ал Германиядагы Hymmen GmbH Maschinen- und Anlagenbau аттуу машине куруучу заводдо жасалма интеллект боюнча программист-инженер болуп иштейт.

Нурзаданын эмгеги тууралуу Германиянын Гамбург шаарында октябрь айынын башында өткөн кыргыздардын IT конференциясында маек курдук.

- Нурзада айым, роботуңуз жөнүндө айтып берсеңиз. Адамдын жашоосун жеңилдетет деп калдыңыз. Конкреттүү эмне иш кылат?

- Мен программалаган роботтор адамга шерик болот. Суроолоруна жооп берет. Мисалы, бир адам окуганга жөндөмү жок болсо, роботко сүйлөп койсо эле жетиштүү. Аңгемелешет. Унутчаак адамдарга жардам берет (мисалы, дарыны убактысы менен ичүү керектигин эске салып турат). Азыр көп өлкөлөрдө жалгыздыктан депрессияга түшүп жатышат. Бул робот ошондон сактайт, жалгызсыратпайт.

Нурзада Макеева
Нурзада Макеева

Роботтор даяр жасалып келет. Аларды өзүм каалагандай программалап алам. Негизинен Франциядагы Aldebaran, азыркы SoftBank жана Кореанын Robotis фирмалары чыгарган роботторду колдоном. Ал жактан кичинекей тетиктери менен келет, өзүм курап чыгам. Arduino деген программага салам. Ар бир роботту түрдүү программага салса болот. Мен көбүнчө Java, Python тилдерин колдоном. Роботторду программалоодогу менин ролум - сүйлөтүү, бастыруу, колдорун кыймылдатуу жана башка механизмдерин иштетүү.

- Роботтун баасы кандай? Көпчүлүккө жеткиликтүү элеби?

- 400-500 евродон башталат. Ага кошумча моторлорун алам десе, баасы ошого жараша кымбаттап кете берет. Интернет аркылуу буйрутма менен сатып алса болот.

- Робот жасоо, программалоо оңой болбосо керек. Эмнеден улам бул кесипке кызыгып калдыңыз? Эмне түрткү болду?

- Мен Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, айылда эле чоңоюп өскөн кыздардын биримин. Кичинекейимен эле окууга дилгир болчумун. Банктагы акчаны кантип автоматтык система менен эсептейт, программасы кандай болду экен деп кызыгар элем. Ошентип, мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин кыргыз-герман факультетине тапшырдым. Ал жактан информатик-экономист кесибине ээ болдум. Университетте окуп жүрүп, немис тилин үйрөндүм. Германияга “Au Pair” программасы менен келгем.

Бала кезимен эле чет өлкөдөн билим алууну эңсечүмүн. Германияга келгенде ошол кыялымды орундатайын деп жасалма интеллект, робот жасоо багыты боюнча окууну чечтим. Ошол кезде мен Мюнстерде жашачумун. Андан 50 чакырым алыс жайгашкан Билефельд деген шаардагы университетке тапшырып, информатика жаатында билимге ээ болдум. Ал окуу жайдан мээнин кандай иштешин карап чыгып, роботторду программалоону үйрөндүм. Андан кийин алган билимимди далилдейин деп робот жасап чыктым.

- Демек, жасалма интеллект илимине кыргыздар да салым кошуп жаткан экен да.

- Мен автоунааны жасап чыгууга аябай кызыгам. Бирок кыргыздар мындан артта калып калдык десем болот. Анткени интернетке кечирээк кошулдук. Ким эмне менен алек болуп жатканын эч ким билген эмес. Азыр ааламдашуу заманында кыргыздар Европа, Америка сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн окумуштуулары менен таймашып иштегенге деңгээлибиз жетти. Бир гана аракет кылып, билим алгандан коркпошубуз керек. Азыр кыргыз айтишниктери дүйнө жүзүндөгү беделдүү компанияларда иштеп жатат. Албетте, бул мактанарлык иш десек болот.

Нурзада Макеева
Нурзада Макеева

- Айылда эле билим алгам деп калдыңыз. Элеттик кыздын Европага келип окушу да оңой болбосо керек?

- Тилекке каршы, биздин айылдарда билимге көп маани беришпейт. Кыздарды кичинекейинен турмушка чыкканга, эркек балдарды чарбачылык кылганга даярдашат. “Сен окумуштуу болмок белең, андан көрө үй оокаттарын тың жаса, болбосо кийин кайненең кубалап жиберет” деп айтышат. Бул көрүнүш эзелтен калыптанып калган. Бирок ата-энем мени башкалардай түйшүккө салган жок. Жогоруда белгилеп кеткендей, өз аракетим менен окуп, өжөрлөнүп жатып, Германияга келдим. Жасалма интеллектти окуп жүргөнүмдө, жакындарым түшүнчү эмес. “Эмнени эле окуп атасың, пайдасы бары?” деп көп сурашчу. Кийин робот жасап чыкканда гана ишеништи. Жасалма интеллект десе “ал эмне” деп түшүнбөгөндөр азыр да толтура. Жөнөкөй мисалдарды эле айтсам, күнүгө биз колдонуп жүргөн Google котормо, ChatGPT деген программалар - жасалма интеллекттин башаты.

- Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизге ийгилик.

XS
SM
MD
LG