Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:43

Бишкек саммити: санкция, чек ара жана орус тили


13-октябрда Бишкекте өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин кезектеги саммитинде жыйырма чакты документ кабыл алынды.

Бул жыйын Украинада согуш күчөп, уюмдун мүчөлөрүнүн бири - Орусияга санкциялар салынган учурга туш келди. Бишкекте дүйнөдөгү жана аймактагы кырдаал талкууланды.

КМШнын Бишкек саммити 13-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болуп, ага катышуу үчүн уюмга мүчө Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Беларустун президенттери Бишкекке келген.

Саммитте кабыл алынган жыйырма чакты документтин арасында орус тили боюнча эл аралык уюм түзүү, санарип технологиялар тармагындагы мамлекеттик башкаруу системасын шайкештөө, көп полярдуу дүйнөдөгү мамлекет аралык мамилелер, жарандардын дин тутуу эркиндигине болгон укугун коргоо, орус тилин колдоо жана илгерилетүү, кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдоо коркунучтарын баалоо боюнча эл аралык борбор түзүү, соттук-эксперттик ишмердүүлүк боюнча координациялык кеңеш түзүү жана кылмыштуулукка каршы биргелешкен чаралар программасы боюнча макулдашууларга кол коюлуп, КМШда келерки жылдын маданий борбору деп Өзбекстандын Самарканд шаарын жарыялоо чечими бар.

Кабыл алынган чечимдердин бири КМШнын Ардак белгиси менен өзбек президенти Шавкат Мирзиеевди сыйлоо тууралуу болду. Бул чечимди жарыялап жатып, Садыр Жапаров Мирзиёев регионалдык алаканы бекемдөөгө жана кыргыз-өзбек мамилесин жакшырууга өзгөчө салым кошконун белгиледи. Буга мисал катары былтыр кыргыз-өзбек чек арасын толугу менен такталганын мисал тартты.

Мындан сырткары КМШнын баш катчысы Сергей Лебедев президенттер эки маанилүү билдирүүгө кол коёрун маалымдаган. Билдирүүлөрдүн бири Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаал, ХАМАС-Израил чатагына арналды.

Израил-ХАМАС согушу: Соңку кырдаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

Санкциялар күчөгөн маалдагы саммит

КМШнын саммитинин алкагында Украинадагы соңку кырдаал боюнча сөз болушу мүмкүнбү деген суроо талкуу болуп жаткан. Орусиянын бул уюмдагы өнөктөштөрүнүн ичинен Беларустан башкасы нейтралдуу позицияны карманарын айтып келет.

Ошондуктан бул саммиттин жүрүшүндө орус президенти Владимир Путин КМШдагы өз өнөктөштөрүн жубатууга аракет кылып, "Батыштын санкциялары натыйжасыз" деген риториканы кайталады.

Ал санкциялар Орусиянын өнөктөштөрүнө да кошумча жүк болгонуна карабай мамилелерди улантабыз деген ишенимин билдирди.

"Жашырганда эмне, КМШ эле эмес, Орусиянын бардык өнөктөштөрүнө басым кылып, коркутуп, айрымдарды башкарууну каалап жатканын биз түшүнүп турабыз. Бирок КМШга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери улуттук кызыкчылыкты коргогон кишилер. Ошондуктан, дал ушул мүнөздө мындан ары да мамилени улантабыз деп ишенем".

Чынында эле АКШ, Евробиримдик баштаган Батыш өлкөлөрү дүйнө өлкөлөрүн, анын ичинде КМШнын мүчөлөрүн Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшпөөгө чакырып келет. Буга чейин Казакстан баштаган айрым өлкөлөр эл аралык санкциялардын шарттарын сактай турганын билдирген.

Бул жолу орус президенти Эл аралык кылмыш соту аны камакка алууга ордер бергенден кийин келди. Быйыл мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди кармоого ордер берген. Мындай чечимге Москванын украиналык балдарды өлкөсүнөн мыйзамсыз чыгарып кеткени себеп болгон. Бирок Кыргызстан Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутуна кошулган эмес.

Жапаров менен Рахмон чек ара маселесин талкуулады

Ал эми кыргыз президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы чек араны тактоо боюнча сөз болгон.

Анда конкреттүү кандай жыйынтык болгонун расмий органдар кабарлашкан жок. Бирок соңку учурда чиелешип, улам бир чатакка себеп болгон чек араны тактоо ордунан жылганы кабарланып келет.

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери.
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Октябрдын башында топографиялык жумушчу топтор чек ара тилкесинин дагы 43,32 чакырымын макулдашкан. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатат.

Ал эми президент Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын саммитиндеги сөзүндө климаттын туруктуулугун камсыздоо үчүн жасалып жаткан иштерге токтолду.

Аймактагы суу ресурстарынын 40% жакынын Кыргызстандагы суулар түзөрүн, аймакты суу менен камсыз кылууда Бишкек өз жоопкерчилигин сезе турганын белгиледи.

“Бул контекстте суу ресурстары пайда болгон аймакка климаттын терс таасирлерин, ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн суу инфратүзүмдөрүнүн эскилиги жеткенин эске алуу менен, биз өз убагында чараларды көрүүнү жана ирригация, энергетика, инфратүзүм жаатында суу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, арзан жана экологиялык жактан таза электр энергиясы менен камсыз кылууга, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууну улантууну жактайбыз”, - деди президент.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов КМШ сыяктуу уюмдар эки тараптуу көйгөйлөрдү чечүүгө жакшы аянтча экенин белгилейт.

Пашинян келген жок

КМШнын саммитинде көңүл бурулган дагы бир жагдай эки тараптуу жолугушуулар болду. Орус президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен сүйлөшүп, Тоолуу Карабакты талкуулады. Бул аймактагы экинчи тарап болгон Армениянын премьер-министри Никол Пашинян саммитке катышууну каалаган жок.

Ал саммит алдында бул жолку конок ээси кыргыз президенти Садыр Жапаровго телефон чалып, "бир катар жагдайлардан улам жыйынга катышпай турганын" кабарлаганын расмий Бишкек билдирген.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Армениянын премьер-министри бир катар жагдайлардан улам жыйынга катыша албай турганын өкүнүч менен билдирди. Лидерлер туруктуу байланыштарды сактоого жана эки өлкөнүн элинин жыргалчылыгы үчүн достук маанайда мамилелерди бекемдөөнү макулдашты", - деп жазылган маалыматта.

Армян премьерин Орусия, Азербайжандын лидерлери катышкан жыйынга катыштырбоого түрткөн, КМШ, ЖККУ сыяктуу аймактык бирикмелерден обочолошун шарттаган бир нече жагдай бар. Анын башында Тоолуу Карабактын айланасындагы байланыштуу соңку кырдаал.

19-сентябрда Баку Тоолуу Карабакта антитеррордук операция баштаган. Жикчил аймактын бийлиги 20-сентябрда Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.

Азербайжанды "этностук тазалоого" айыптаган Армения БУУнун эл аралык сотуна даттанган.

Азери өкмөтү Тоолуу Карабакта жашагандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин, аларды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

Соңку окуяларды эске алуу менен Бирикке Улуттар Уюмунун Жибек Жолу жана академиялык өнүгүү программаларынын аткаруучу директору Рафис Абазов КМШ Кавказдагы өлкөлөрдө маани-маңызын жоготту деген пикирде:

"Кавказдагы көйгөйдү алсак, кабыл алынган чечим башка бир өлкөгө кесепетин тийгизгендиктен, компромисс табылган эмес. Андыктан алар үчүн КМШнын маани-маңызы жоголду".

Эксперт белгилегендей, чынында эле мурдагы СССРдин курамында болгон Кавказдагы кезектеги өлкө КМШдан оолактай баштаганы көрүнүүдө. Буга чейин 2008-жылы орус-грузин беш күндүк согушунан соң Грузия бул уюмдан расмий түрдө чыккан. Эми Армения дал дал ушундай жол менен Орусия таасирдүү болгон уюмдардан алыстайбы деген суроо турат.

Бирок Армения КМШдан сырткары ЕАЭБ, ЖККУ сыяктуу уюмдарга да мүчө. Мунун ичинен расмий Ереван аскердик жааттагы Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунан көңүлү калганын ачык айтып келет.

Соңку Тоолуу Карабактагы окуялардан соң Никол Пашинян "Еревандын коопсуздук жаатында Москвага толук ишенгени стратегиялык ката болгонун" билдирген. Кийинчерээк ал ЖККУга мүчө болуу Армения үчүн "натыйжасыз" экенин кошумчалаган.

Расмий Ереван Москваны Армениянын коопсуздугун коңшу Азербайжандын агрессиясынан коргой албаганы үчүн айыптаган. Бул жагдай Ереван менен Москванын мамилесин начарлатып, кайым айтышуулар менен коштолду.

Акыркы жолу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров 12-октябрда Бишкекте өткөн КМШнын башкы дипломаттарынын жыйынынан соң Арменияда антиорусиячыл маанайды бейөкмөт уюмдар күчөтүп жатат деп сындады.

Армения ушул аптада Кыргызстанда өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) "Бузулгус боордоштук-2023" аскердик машыгуусуна да катышуудан да баш тарткан.

Армениядан сырткары КМШнын дагы бир мүчөсү Молдованын президенти да жыйынга катышпайт. Акыркы жылдары бул өлкөнүн президенттигине Мая Санду келген соң ал Батышка ыктап, Евробиримдиктин курамына кирүүнү максат кылып келет. Расмий Кишинев КМШдан чыгуу процессин баштаганын жарыялаган. Быйыл жазында Молдованын өкмөтү КМШнын алкагында бир нече келишимди денонсациялаган.

КМШнын таржымалы

КМШ - СССР таркаган соң анын мейкиндигинде пайда болгон эгемен өлкөлөрдүн бирикмеси. Алгач Орусия, Беларус жана Украина 1991-жылдын 7-8-декабрында Беловеж келишиминин алкагында “Суверендүү Мамлекеттердин Союзун” түзгөн.

Кийинки сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аларга ошол эле жылдын 21-декабрында Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кошулган.

Уюм ошондон кийин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги – КМШ деп аталып калган. Ага мурдагы советтик республикалардан Латвия, Литва, Эстония кошулган эмес.

Грузия 1993-жылы кошулуп, 2008-жылы Орусия ага кол салгандан кийин кайра чыгып кеткен. КМШнын негиздөөчүсү болгон Украинанын бийлиги 2014-жылы анын Крым жарым аралын Москва аннексиялап алгандан кийин уюмга мүчөлүгүн токтотконун жарыялаган.

Тоолуу Карабактагы кырдаалдан улам Армения Азербайжан менен алкасын үзүп, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгарын жарыялаган. Молдова ушул тапта шериктештиктен чыгуу процессинде. Башында 12 эгемен мамлекет кирген бирикмеде азыр активдүү алты-жети өлкө эле калды. Эксперттер КМШнын аймактык уюм катары салмагы азайып, ага мүчө өлкөлөрдүн күткөнүн орундата албай калды дешет.

Улуттар Уюмунун Жибек Жолу жана академиялык өнүгүү программаларынын аткаруучу директору Рафис Абазов КМШ экономикалык кыймылдаткыч боло албай калды деген пикирде:

"КМШ түзүлгөндө анын максаты – экономикалык проблемаларды чечүү эле. 1990-жылдары экономикалык, транспорттук, акча-валюталык байланыштар бузулуп, өз ара карым-катнаш үзүлгөн маал болгон. Бул Евразиядагы мамлекеттерге кедергисин тийгизип, анан алар аймактык өнөктөштүк менен кызматташтыктын жаңы инструментин – КМШны түзүшкөн. Бирок уюм 30 жылда олуттуу өзгөрүүгө дуушар болду. КМШ азыр экономикалык чечимдерди, финансылык артыкчылыктарды сунуш кыла албагандыктан, ага кирген көп мүчөлөрдө “мындай ары кантип илгерилейбиз?” деген суроо турат. Азырынча бул суроого жооп табыла элек".

Орусиядан оолактап, Европага ыктаган Грузия менен Молдова
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:21 0:00

XS
SM
MD
LG