Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Тоолуу Карабак: Качкындардын агымы, Бакунун убадасы


Армениянын Горис шаарына келген качкындар, 25-сентябрь, 2023-жыл.
Армениянын Горис шаарына келген качкындар, 25-сентябрь, 2023-жыл.

25-сентябрда Азербайжандын Нахичеван эксклавында азери президенти Илхам Алиев менен түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган жолукту. Эки лидер Тоолуу Карабактагы соңку кырдаалды талкуулашты.

Ереванда Карабактагы армяндарга тилектештик, бийликке нааразылык билдирген акциялар уланууда. Дүйшөмбүдө 200гө чукул киши кармалганы маалым болду.

Ушул тапта Азербайжан өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабакта этностук армяндарды эвакуациялоо жана Бакунун аймактагы жикчил күчтөрдү куралсыздандыруу аракеттери уланууда.

25-сентябрда Тоолуу Карабактын Хожалы (армянча- Иванян) шаарында Азербайжан менен аймактын жикчил бийлигинин өкүлдөрү экинчи ирет жолукту.

Баку тараткан расмий кадрларда жолугушууга Тоолуу Карабактын парламентинин тышкы байланыштар комиссиясынын депутаты Давид Мелкумян жана Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Сергей Мартиросян келгени көрүнөт. Азербайжан тараптан депутат Рамин Мамедов жүрөт. Ушул эле топ 21-сентябрда Евлах шаарында жолуккан.

Баку тараткан билдирүүдө соңку жолугушууда Азербайжандын вице-премьери Шахин Мустафаевдин жетекчилиги алдында аймактагы коммуналдык, медициналык жана башка жарандык кызматтардын өкүлдөрү кирген жумушчу топторду түзүү макулдашылганы айтылат.

Азери жана армян дарыгерлери Степанакерт (Ханкенди - азериче) шаарына чукул же Хожалы тараптагы кайсы гана талаа госпиталында болбосун элди дарылай берет.

Ошондой эле азербайжан жана армян аскерлерине тамак-аш жеткирчү мобилдик топтор түзүлө турганы макулдашылды.

Ал ортодо Ереван өкмөт башчы Никол Пашинян менен азери президенти Илхам Алиев 5-октябрда Испаниянын Гранада шаарында кезигиши ыктымал экени кабарланды. Ал жерде өтчү европалык лидерлердин саммитине Еврокеңештин президенти, Франциянын лидери, Германиянын канцлери барат.

Армениянын парламентинин спикери Ален Симонян "Тынчтык келишимине жетишүүгө чукулдап калдык, тарыхый мүмкүнчүлүк биздин колдо" деп, андай документке кол коюу Гранадада болушу ыктымал экенин ишарат кылды.

Качкындар агымы

25-сентябрда Тоолуу Карабактан 7 миңге чукул тургун жер которуп, Арменияга кирди. Эски журтун таштап келип жаткандардын агымы токтой элек.

"Баары калды, баарын таштап кеттик...", - деп ыйлаган келин бир баласын жетелеп, экинчисин бооруна кысып турду.

Тоолуу Карабактагы азербайжан күчтөрүнүн эки күндүк "атайын операциясынан" кийин миңдеген этностук армяндар өз үй, өлөң төшөгүн таштап, көчүп кетүүгө мажбур болууда.

"Эч ким кайра барбайт. Биз Карабак темасын биротоло жаптык. Дүйнө астын-үстүн болуп эле кетип, баары кайра калыбына келип калбаса эле. Андай болбойт го", - деген Анна Агопян Горис шаарындагы мейманканадан убактылуу түнөк тапты.

Степанакерт шаарынан чыгып кетүүгө камынган тургундар, 24-сентябрь, 2023-жыл.
Степанакерт шаарынан чыгып кетүүгө камынган тургундар, 24-сентябрь, 2023-жыл.

Аймактын жикчил бийлигинин өкүлү Давид Бабаян Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндын басымдуусу Азербайжандын курамында жашагысы келбей турганын, алар "тарыхый журтун таштап, жер которуп кетерин" билдирди.

Ереван аймакта этностук армяндардын бейпил жашоосуна кепилдик жоктугун белгилеп, качкындарды кабыл алуунун мөөнөтү чектелбей турганын да жарыялады. "Жер которууга мажбур болгондордун агымы түнү бою токтогон жок", - деп айтылат өкмөттүн дүйшөмбүдө жарыялаган маалыматында.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян талаштуу аймакта кырдаалдын чукул курчуп кеткени үчүн жоопкерчиликти Орусияга оодарып, армяндардын коопсуздугуна тынчсыздануусун билдирди.

"Тоолуу Карабактагы армяндар дагы деле этностук тазалоо коркунучуна кабылууда. Соңку күндөрү Тоолуу Карабакка гуманитардык жардам барды, бирок андан кырдаал эч өзгөргөн жок", - деди армян өкмөтүнүн башчысы.

Ереванда Тоолуу Карабактагы армяндарга тилектештик, бийликке нааразылык билдирген демонстрациялар уланууда. Алар армян бийлиги Карабактагы жикчил күчтөрдүн азери армиясына каршы турушуна жардам берген жок деп өкмөттү сындап, премьер Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылууда. Дүйшөмбүдө 200гө чукул киши кармалганы маалым болду.

Бакунун берген убадасы

Азербайжандын бийлиги Карабактагы бардык тургундардын коопсуздугун камсыздайбыз деп убада берүүдө. 25-сентябрда Нахичеван шаарында азери лидери Илхам Алиев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен кезикти. Эки лидер катышкан маалымат жыйынында Тоолуу Карабактагы кырдаал тууралуу да сөз болду.

"Карабак аймагында жашаган калк улутуна карабастан Азербайжандын жарандары. Азербайжан мамлекети аларды коргоп, коопсуздугун, бейпил жашоосун камсыз кылат", - деди Алиев.

"Соңку жеңиш менен аймакта жалпы кырдаалды турукташтырууга жаңы терезе ачылды. Андай мүмкүнчүлүктү баалаш керек", - деди президент Эрдоган Нахичеванда туруп.

Ал ортодо Москва Ереванга "Батыштын геосаясий оюндарынын туткунуна түшүп калбоону" эскертти.

Орус бийлиги "Карабактагы кризис үчүн Армения жана Батыш күнөөлөлүү" деген риториканы бардык жерде жайылтууда.

Буга чейин премьер Пашинян Москванын дарегине доомат артып, Армения кирген Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму тышкы коопсуздукка келгенде стратегиялык өнөктөш боло албаганын ачык айткан.

25-сентябрда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин башчысы Саманта Пауэр жана Мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Йюри Ким баштаган делегация Арменияга келди.

АКШнын Еревандагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, Пауэр "Кошмо Штаттар Армениянын суверенитетин, көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана демократиялык багытын колдой турганын белгилеп, Тоолуу Карабактагы зордук-зомбулуктан жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирүүнүн жолдорун караштыра турганын" айтты.

Азербайжан Тоолуу Карабактагы "антитеррордук" деп сыпатталган аскердик операцияны 19-сентябрда баштаган. Дээрлик 24 саатка созулган чабуулдардан кийин расмий Баку талаштуу аймакка өз көзөмөлүн орнотконун жарыялаган.

Өткөн аптада Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Тоолуу Карабак маселеси да козголуп, Бакунун өкүлү Карабактагы операция "максатына жеткенин" жарыяласа, Армениянын башкы дипломаты коңшусун "согуш жолун" тандады деп айыптаган.

Расмий Ереван Тоолуу Карабактагы соңку операцияда 200 киши мерт болгонун, 400дөйү жараат алганын, алардын арасында жайкын тургундар, аялдар жана балдар бар экенин билдирген.

Армения Орусиядан кол үзөбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:38:43 0:00

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG