Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында өлкөдө диний радикал агымдардын күчөп жатканы тууралуу маселени көтөрдү. Эл өкүлү бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбаса өлкөнү туңгуюкка кептерин белгиледи.
"Өзбекстан бизге караганда динди бекем карманган мамлекет болгону менен ал жакта Конституциядагы светтик деген принциптер бекем кармалат. Коомдук жайларда паранжы кийбей, жоолук салынып эле жүрүшөт. Мектепте деле балдарды чүмкөнтүп койгон жери жок. Буга байланыштуу мамлекеттик деңгээлде чечимдерди кабыл албасак, эртең кеч болуп калды. Күн санап көбөйүп жатат. Түштүккө барганда көрдүк, Ошто көчөдө ар бир төртүнчү аял паранжы кийип калыптыр. Өзбекстандын Олий Мажлисинин төмөнкү палатасы атайын мыйзам кабыл алыптыр. Мамлекет болгондон кийин элдин коопсуздугуна кам көрүшү керек", - деди эл өкүлү.
5-сентябрда Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасында "Кылмыш жана административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске" өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө мыйзам долбоору киргизилди. Документте көп аялдуулукту жактагандарды жазалоо сунушталып, коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөр да административдик жазага тартылат.
Буга чейин Ошто өткөн иш-чаралардын биринде кыздардын бетине чейин чүмкөнүп отурган сүрөтү кызуу талаш-талкуу жараткан. Мусулман аялдардын “Мутакалим” уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы бул жагдайдан кооптонуу негизсиз экенин айткан.
Кыргызстандын эгемен тарыхында үч жолу диний саясат боюнча концепция кабыл алынган. Ар бири алты жылдык мөөнөттө мамлекеттик диний саясатты тартипке келтирүү максатын көздөйт. Акыркы кабыл алынган концепция 2021-2026-жылдарга багытталган. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган.
Кыргызстандын Баш мыйзамында дин мамлекеттик башкарууга аралашпаган өлкө экени жазылган. Конституция ар бир жарандын дин тутуу эркиндигине кепилдик берет. (КЕ)