Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Тоголок алтын кенин "Кумтөр Голд Компани" иштетет


Алмаз Барыктабасов.
Алмаз Барыктабасов.

Ысык-Көлдөгү Тоголок алтын кенин иштетүү үчүн лицензия “Кумтөр Голд Компани” ишканасына берилди. Бул тууралуу компаниянын президенти Алмаз Барыктабасов 22-августта “Биринчи радиодогу” маегинде айтты. Ал лицензия өткөн аптада алынганын жана чалгындоо иштери улантыларын билдирди.

“Кенде СССР убагында – 1979-1980-жылдары чалгындоо иштери болуптур. С1, С2 категориясы боюнча 17-18 тоннадай алтын бар”, - деди Барыктабасов.

Ал лицензия кандай шартта берилгени жана кен качан иштеп баштары тууралуу маалымат берген жок.

Тоголок алтын кени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жангарт суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 3600–3900 метр бийиктикте жайгашкан. Кумтөргө жанаша жайгашкан кен 1978-жылы табылган.

Алтын кенин иштетүү тууралуу сөздөр 2021-жылы “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги түзүлгөндө эле айтыла баштаган. Холдинг кайра бир жылдан кийин эле жоюлган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG