Нарын районунун Таш-Башат айылынын тургундары 5-июнда кыштакта экологиялык майрам уюштурду. Айылдын аялдары эски кийимден жасалган буюмдарын көргөзмөгө коюшса, мектеп окуучулары экотеатр уюштурду. Айлана чөйрөгө аяр мамиле кылууга аракет кылган ташбашаттыктар мындай демилгелери менен буга чейин эл аралык уюмдар менен иштешип, айылга жүндү кайра иштетүүчү жабдуу жана асыл тукум уйларды бекер алып келишкен.