Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:45

Бишкек-Ташкент: Тез бузула турган азык-түлүккө "жашыл коридор" ачуу сүйлөшүлдү


Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев жана Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүү мамлекеттик комитетинин төрагасы Бахромжон Наркобилов.
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев жана Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүү мамлекеттик комитетинин төрагасы Бахромжон Наркобилов.

8-июнда Кыргызстандын Ташкенттеги элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүү комитетинин төрагасы Бахромжон Наркобилов менен жолугушуп, тез бузула турган азыктарга "жашыл коридор" ачууну сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле коңшу эки өлкөнүн айыл чарба товарын сыртка чыгарууну биргелешип өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, кыргыз компанияларын импортёрлор реестрине киргизүү тууралуу да сөз болду.

Наркобилов өзбек тарап сүт, эт, балык азыктарын өндүргөн ишканаларды импортёрлор реестрине тез арада киргизүүгө даяр экенин билдирди.

Элчи Жаманбаев Ветеринария комитетинин диагностикалык борборуна барып, эт, сүт, балык, дан, жашылчаларды лабораториялык көзөмөлдөн өткөрүү процесси менен таанышты.

Мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга барып, бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларын кыдырган. Эки өлкө ортосунда экономика, айыл чарба багытындагы кызматташтык, биргелешкен ишканаларды иштетүү тууралуу "жол картасы" кабыл алынган. Өзбекстандын ишкерлери Кыргызстандагы ар түрдүү долбоорлорго болжол менен 70 млн. доллар инвестиция салууга даяр экендиги маалым болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG