Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:54

Кемпир-Абад иши: Бишкек шаардык соту "жашыруун" деген грифти алды


Кемпир-Абад иши боюнча шек саналгандардын айрымдары. 13-декабрь, 2022-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча шек саналгандардын айрымдары. 13-декабрь, 2022-жыл.

Бишкек шаардык соту адвокат Кантемир Турдалиевдин Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга козголгон кылмыш ишке “жашыруун” грифин койгон ИИМдин тергөөчүсүнө каршы арызын жарым-жартылай канааттандырды. Бул тууралуу Турдалиев өзү “Азаттыкка” билдирди. Жактоочу соттун чечимин азырынча ала элек.

"Бул чечим бүт баарына тиешелүү. Соттор ачык болот, эгерде иш боюнча мамлекеттик сырлар болсо ошондо гана жабык болот. Конституциянын 100-беренесинде жазылгандай, калган соттук териштирүүлөрдүн бардыгы ачык жүргүзүлүшү керек. Беш айдан бери карап жатабыз, ал жерде бир дагы мамлекеттик сыр жок. Тергөөчү өзү эле жашыруун кылып, маалымат каражаттарын дагы жолотпой жаткан. Бул - тергөөчүнүн катасы", - деди жактоочу.

Шаардык сот азырынча расмий маалымат бере элек.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф берилгенин 18-январда “Азаттык” радиосуна экс-депутат Орозайым Нарматованын жактоочусу Гуляна Убалиева билдирген.

19-январда "Кыргызстан адвокаттарынын ассоциациясы мунун мыйзамсыз экени тууралуу билдирүү тараткан.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.

Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Президент Садыр Жапаров бул иш боюнча камалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG