Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:41

“Азаттыкка" каршы сот иштери токтотулду

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

09:51 26.1.2023

10:15 26.1.2023

Бүгүн, 26-январда "Азаттык Медианын” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызы боюнча Бишкектин административдик сотунда алдын ала угуу өттү.

Судья кийинки соттук отурумду 17-февралга белгиледи.

15:51 26.1.2023

“Азаттык Медианын” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракетине байланыштуу райондук сот чыгарган чечим боюнча апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 26-январда каралууда.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-декабрда "Азаттык Медианын" УКМКнын аракеттерине каршы арызын карап, аны канааттандыруудан баш тарткан. Арызда коопсуздук комитетинин Финансылык чалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилген. Атайын кызматтын жиберген ал кайрылуусу "Азаттык Медианын" банк эсебин бөгөттөөгө себеп болгон.

Биринчи Май райондук сотундагы соттук процесс маалында ишти караган судья Туратбек Бекенов адвокаттар келтирген бир нече өтүнүчтү четке кагып, жыйынтыгында негизги арызды да канаттандыруусуз калтырган. Буга байланыштуу шаардык сотко апелляциялык арыз берилген.

Райондук соттун чечимин улай “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай билдирүү таратып “Райондук соттун “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун ар бир өтүнүчүн четке каккан бүгүнкү чечими мыйзам үстөмдүгүнө негизделгендей көрүнбөйт, бирок эркин медианы сыйлабагандыкка жатат. “Эркин Европа / Азаттык радиосу өкмөттүн биздин ишмердикке болгон туруктуу чабуулдарына жооп катары мүмкүн болгон бардык мыйзамдык чараларды караштырууну улантат”, - деген.

16:04 26.1.2023

Бүгүн, 26-январда Бишкек шаардык сотунда “Азаттык Медианын” Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) аракетине байланыштуу райондук сот чыгарган чечим боюнча апелляциялык арызын кароо башталды. Сот жараянында "Азаттыктын” адвокаттары медиа мекеменин банктагы эсебин бөгөттөөгө негиз болгон кылмыш иши тууралуу маалымат алуу үчүн материалдарды тергеген Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Улан Жапековду отурумга алып келүү өтүнүчүн келтирди. Соттук коллегия өтүнүчтү канаттандырып, тергөөчүнү алып келүү милдетин прокуратурага жүктөдү. Кийинки сот жараяны 2-февралга, саат 13:30га белгиленди.

Адвокат Тимур Султановдун айтымында, Финансылык чалгын кызматы УКМКдан келген катка таянып, "Азаттыктын" эсебин бөгөт коюу чечимин чыгарган. Анда кайсы бир кылмыш иши бар экенин айтып, бирок ал иштин "Азаттыкка" кандай тиешеси бар экенин көрсөтүлгөн эмес.

"Бизди караңгы бөлмөгө камап эле жол тапкыла дегендей кылып жатышат. Анткени "Азаттыктын" эсебин бөгөттөөгө негиз болгон кылмыш иши эмне, анын "Азаттыкка" эмне тиешеси бар, юридикалык статусу кандай экени белгисиз. Ошондуктан, учурда сөз болуп жаткан ишти тергеп жаткан ИИМдин тергөөчүлөрү келип, маалымат бериши керек"- деди адвокат.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-декабрда "Азаттык Медианын" УКМКнын аракеттерине каршы арызын карап, аны канааттандыруудан баш тарткан. Арызда коопсуздук комитетинин Финансылык чалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилген. Атайын кызматтын жиберген ал кайрылуусу "Азаттык Медианын" банк эсебин бөгөттөөгө себеп болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG