Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:07

Электр энергиясын бөлүштүргөн ортомчу компаниялар кыскарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен электр энергиясын бөлүштүргөн ортомчу компаниялардын саны кыскарды. Бул тууралуу 21-январда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Учурда алардын саны 28ден 12ге чейин кыскарды. Азыркы тапта электр энергиясын калкка жеткирүү жараянында энергетикалык жеке ортомчу компанияларды толук жоюу үчүн оптимизациялоо иштери уланууда", - деп билдирген Султанбаев.

Ага чейин Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасынан быйыл майдан тарта электр энергиянын баасы 77 тыйындан бир сомго кымбаттарын жарыялаган.

Ортомчу компаниялар - мамлекеттик түзүмдөр менен абоненттердин ортосунда жарыкты бөлүштүргөн ишканалар.

Эрбол Султанбаев кайсы компаниялар ортомчулук кылууну токтоторун белгилеген эмес.

2013-жылы алардын саны 17 деп эсептелген. Бөлүштүрүү компанияларын ишке 2001-жылы өлкөнүн энергетика тармагына инвестиция тартуу максатында тартылып башталган. 2022-жылга карата 28 компания иштеп жаткан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG