Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

Бишкек ЖЭБине Казакстандын көмүрүнүн биринчи партиясы келди


Бишкек жылуулук электр борбору.
Бишкек жылуулук электр борбору.

Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Казакстандан сатып алынган көмүрдүн биринчи партиясы келди. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Анын маалыматына караганда, “Электр станциялары” Казакстандын “Каражыра” компаниясы менен 400 миң тонна Д маркасындагы көмүрдү сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Анын бир тоннасы 53,45 долларга айланат.

Көмүр ушул жылдын ноябрь айынан 2023-жылдын майына чейин ташылат. Көмүрдүн биринчи партиясы Бишкек ЖЭБине алып келинип, 64 вагон түшүрүлдү. Көмүр жүктөгөн дагы 65 вагон жолго чыкты.

“Каражыра” ишканасынан 2021-2022- жылдардагы күз-кыш мезгилинде ЖЭБге 643 миң тонна көмүр сатып алыган. Бишкек ЖЭБинде 18-нобярга карата 172 миң тоннадан ашык кѳмүр бар. Ушул күндөрү жылуулук элек борборуна бир күндө болжол менен 7,2 миң тонна жагылууда.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйыл Кыргызстанда күз-кыш мезгилине карата 2 млн. 994 миң тонна көмүр керектелерин билдирген. Анын ичинен Бишкек ЖЭБине 1 млн. 500 миң тонна көмүр керек. (BTo)

XS
SM
MD
LG